Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Лейлек районунун айыл аймактарынын бюджетинде 1,9 млн сом суммасында каржы бузуулары аныкталды

2017-2018-жылдар аралыгында Баткен областындагы Лейлек районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоосунун, айыл аймактардын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча,  жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 1 млн. 925,8 миң сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 760,3 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 477,3 миң сом;
  • иш сапар чыгымдарын ашыкча төлөө – 158,4 миң сом;
  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 148,0 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын жана каражаттардын кемчыгуусу – 134,5 миң сом.

Аныкталган каржылык бузуулардын ичинен 1 млн. 777,8 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 1 млн. 359,8 миң сом кайтарылды.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен, аудит учурунда 139,5 миң сом калыбына келтирилди.

Мындан тышкары, 3 млн. 689,1 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды.