Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 5-мартта болуп өттү

2020-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жыл мезгил аралыгында “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудит, 2017-2018-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчёттор талкууланды.

Мындан тышкары, жыйында 2020-жылга Эсептөө палатасынын Иш планы бекитилди.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.