Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасында Окуу борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2020-жылдын 20-февралында мамлекеттик аудит боюнча кызматкерлерди натыйжалуу жана профессионалдуу окутуу максатында Окуу борборунун ачылыш аземи уюштурулду.

Аталган иш-чара “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациянын концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-2020-жылдар мезгилинде Өнүгүүнүн стратегиялык планын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Жаңы ачылган Окуу борбору КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн иштин натыйжасы жөнүндө аудиттердин жана отчеттордун сапатын жогорулатуу, ошондой эле Эсептөө палатасыны ишине коомчулуктун ишенимин арттыруу максатында багытталган.

Окуу борбору кызматкерлерди окутууну камсыз кылуу үчүн керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз болгон. Интернетке туташылган жана аралыктан иштөө үчүн аудитордук программалар орнотулган компьютердик класс уюштурулду.

Мындан ары Окуу борборунун базасында мезгил-мезгили менен семинарлар жана тренингдер, ошондой эле сертификация программасын ишке ашыруу менен окуу курстарын уюштуруу жүргүзүлөт.

Ошондой эле, мекеменин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу  максатында Эсептөө палатасынын жетекчилигинин маалымат жыйындарын жана коомчулук менен байланышууну уюштуруу үчүн Пресс-борбор ачылды.

Иш-чарага Эсептөө палатасынын төрагасы  Улукбек Марипов, Кеңештин мүчөлөрү Заирбек Жоошбеков, Алимжан Байгазаков, Зарылбек Сатаев, Айжан Садыркулова, Алмаз Султанкулов, Вадим Садовников, ошондой эле Аппарат кызматкерлери катышты.