Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Араван районунун айылдык аймактарынын бюджетинде 2,4 млн. сом суммасында каржы бузуулары аныкталды

2017-2018-жылдар аралыгында Араван районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоосуна, айылдык аймактардын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 2 млн. 357,2 миң сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

 

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 2 млн. 357,2 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 880,8 миң сом кайтарылган.

Мындан тышкары, 1 млн. 148,2 миң сом суммасында бюджеттин резерви жана жоготуулары аныкталды.

Аудит Кыргыз Республикасынын  Эсептөө палатасы тарабынан райондук мамлекеттик администрациясынын, КР Финансы министрлигинин Араван башкармалыгынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигинин органдарынын жана алардын муниципалдык мекемелеринин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлдү.