Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 6-февралда болуп өттү

2020-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жыл мезгил аралыгында “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилердин Республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинде, Баткен мамлекеттик  университетинде, Жалал-Абад мамлекеттик  университетинде, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик  университетинде, Ош гуманитардык-педагогикалык  институтунда, Ош мамлекеттик  юридикалык  институтунда, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик  университетинде, К.Тыныстанов  атындагы Ысык-Көл мамлекеттик  университетинде жана И.Раззаков  атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык  университетинде бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчеттор талкууланды.

Мындан тышкары, 2018-жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде бюджеттин аткарылышына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө маалымат угулуп, бирок аталган комитеттин жетекчилиги жыйынга келбей койгондугуна байланыштуу отчетту бекитүү кийинчи жыйынга калтырылды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.