Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын өкүлдөрү стратегиялык пландаштыруу боюнча программанын жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган жумушчу топ 2020-жылдын 27-30-январында Тбилиси шаарында (Грузия) “Стратегия, натыйжалуулукту баалоо жана отчеттуулук (SPMR)” программанын алкагында “Стратегиялык пландаштыруу” темасында жумушчу жолугушууга катышты.

Аталган жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Сербия, Болгария мамлекеттеринин Аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) өкүлдөрү катышып, Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (INTOSAI) Өнүктүрүү демилгеси тарабынан уюштурулду.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар АЖО ишмердүүлүгүн баалоо боюнча жүргүзүлгөн баалоонун натыйжаларын талкуулап, АЖОнун стратегиялык планын даярдоо үчүн кызыкдар тараптардын талдоосун угушту.

Аталган жолугушуулардын уландысы катары АЖО өкүлдөрүнө жогорудагы маселелер боюнча өзүлөрүнүн органдарында стратегиялык пландарды даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жыйынтыктоочу отчет түзүү милдеттенмелери берилди. Отчетторду даярдоонун жүрүшүндө уюштуруучу тарабынан АЖО өкүлдөрүнө методологиялык жана консультативдик колдоо көрсөтүлмөкчү.