Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чүй областынын жергиликтүү бюджеттеринде 2,6 млн. сомго каржы бузуулары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2017-2018-жылдар аралыгында Чүй областынын Ысык-Ата районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 2 млн. 574,6 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталган.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган сумманын ичинен ири суммалар төмөнкүлөр:

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1 млн. 385,7 миң сом;

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 2 млн. 775,2 миң сом.

Каржы бузуулардын эң ири суммасы төмөнкү айыл өкмөттөрдө аныкталган:

  • Ивановка айыл өкмөтү – 1 млн. 57,7 миң сом;
  • Бирдик айыл өкмөтү – 652,8 миң сом;
  • Кең-Булуң айыл өкмөтү – 268,1 миң сом;
  • Люксембург айыл өкмөтү – 209,3 миң сом;
  • Кант шаарынын мэриясы – 173 миң сом.

Аудиттин материалдары Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Аймактык бөлүнүштүн отурумунун чечими менен, Ивановка айыл өкмөтүнүн жана Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн объекттери боюнча курулуш-куруу иштерине жүргүзүлгөн аудиттеринин материалдары Чүй областтык прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.