Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Талас областынын жергиликтүү бюджеттеринде 4,1 млн. сомго каржы бузуулары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2017-2018-жылдар аралыгында Талас областынын Талас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын бюджетинин аткарылышына жана «Ак-Сай сервис» муниципалдык ишканасынын ишине  жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 4 млн. 133,4 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган сумманын ичинен ири суммалар төмөнкүлөр:

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 662,8 миң сом;

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 3 млн. 467,8 миң сом.

Каржы бузуулардын эң ири суммасы төмөнкү айыл өкмөттөрдө аныкталган:

  • Айдаралиев айыл өкмөтү – 1 млн. 791,4 миң сом;
  • Бердике баатыр айыл өкмөтү – 471,1 миң сом;
  • Бекмолдо айыл өкмөтү – 434, 6 миң сом;
  • Калба айыл өкмөтү – 414,8 миң сом;
  • Көк-Ой айыл өкмөтү – 325,4 миң сом.

Аудиттин материалдары Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен, Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.