Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 30-январда болуп өттү

2020-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жыл мезгил аралыгында Банктарды кайрадан уюштуруу жана реструктуризациялоо боюнча агенттиктин ишине жүргүзүлгөн аудит, «Ош электр» Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет талкууланды.

Мындан тышкары, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде, Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтунда, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинде, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында, Талас мамлекеттик университетинде, Кыргыз билим берүү академиясында бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчеттор каралды.

Ошондой эле, Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо үчүн  процедуралардын берилишине жана протездик-ортопедиялык каражаттар менен камсыздалышына жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчет талкууланып, ал боюнча токтом кабыл алынды.   

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.