Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Төрага У.Марипов Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүндө автоматташтыруу жана санариптештирүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө паталатасынын төрагасы Улукбек Марипов аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү жана Эсептөө палатасында ишмердүүлүктү автоматташтыруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Мындай тапшырма 2020-жылдын 24-январында Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жана Аппарат кызматкерлеринин катышуусу менен жумушчу жыйын учурунда айтылды.

У.Марипов өз сөзүндө, “2019-2023-жылдарга Санарип Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, КР Эсептөө палатасы 2019-2023-жылдарга КР Эсептөө палатасынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларын өнүктүрүү стратегиясын жана анын иш-чаралар планын  кабыл алгандыгын баса белгиледи.  

Учурда Эсептөө палатасы өзүнүн ишмердүүлүгүндө технологияларды өнүктүрүү жана активдүү ишке ашыруу жолунда. Тактап айтканда, Эсептөө палатасынын ишин автоматташтыруу жана иш-кагаздарын электрондук жүгүртүү үчүн 1С платформасында автоматташтырылган маалымат системасы ийгиликтүү ишке киргизилген. Аталган программада иш кагаздарын жүгүртүүдөн тышкары аудитордук процесстерди эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү, документтерди электрондук системада сактоо жүргүзүлүп жатат.

Төрага белгилегендей, аймактык бөлүнүштөр жана чет өлкөлүк коллегалар менен жыйындарды жана семинарларды видео-конференция-байланышы менен  уюштуруу, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин уюштуруу техникалары жана ноутбуктар менен камсыз кылуу, Борбордук аппарат менен аймактык бөлүнүштөрдүн ортосунда корголгон ички байланышты жүргүзүү, аудитордук отчетторго электрондук архив жүргүзүү, аудиттин методологиясын колдонуу боюнча тематикалык семинарларды жана тренингдерди жүргүзүү КР Эсептөө палатасынын автоматташтыруу жана санариптештирүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Азыркы күндө Эсептөө палатасынын инспектордук курамынын кызматкерлеринин көпчүлүгү ноутбуктар менен камсыз болгон. “Мындан ары биз региондордо 1С электрондук платформада толук иш алып баруу үчүн бардык инспекторлорду ноутбуктар менен камсыз кылууну пландаштырып жатабыз. Бул жылдан баштап бардык инспекторлор мамлекеттик аудит учурунда аныкталган Бузуулардын классификаторунда статистикалык маалыматтарды электрондук систамага киргизүүгө өтүшөт”, - деп билдирди У.Марипов.

Кошумча маалымат. Мамлекеттик аудиттин объектилеринде бузууларды жана жетишпестиктерди табууда жана баалоодо бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу максатында жана мамлекеттик аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду даярдоодо КР Эсептөө палатасынын 2018-жылдын26-октябрындагы Токтому менен  мамлекеттик аудит учурунда аныкталган Бузуулардын классификатору негиз катары кабыл алынган. 2019-жылдын 30-октябрында бул электрондук Классификаторго алгачкы маалыматтарды киргизүүгө тест жүргүзүлгөн. 2020-жылдан баштап КР Эсептөө палатасынын ишинде Бузуулардын классификатору ишке киргизилет.