Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасында кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу уюштурулууда

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында, эл аралык жана жергиликтүү тренерлердин катышуусу менен техникалык окутуунун бекитилген программасынын негизинде семинарлар жана тренингдер өткөрүлүүдө.

Окутуу 2020-жылдын 9-январынан 30-январына чейин Бишкек жана Ош шаарларында КР Эсептөө палатасынын кызматкерлерине уюштурулуп жатат.

Окутуу программасында негизги басым шайкештик аудити, натыйжалуулук аудити, финансылык аудити, коррупцияга каршы саясат, иш жүргүзүү темаларына жасалган.

Санариптешүү жана региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында окутуу учурунда региондордогу кызматкерлерге эл аралык стандарттардын негизинде аудиттерди өткөрүүнү уюштуруу процесси, тобокелчиликтерди жана аудиттик тандоону баалоо  боюнча кененирээк маалымат берилди. 

Коррупцияга каршы саясатты жайылтуу максатында, окутуунун бир бөлүгү кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга арналган. Тактап айтканда, кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгондо жана аларды жөнгө салуунун ыкмаларын колдонууда мамлекеттик кызматчылардын иш-аракети жөнүндө маселелер.

Мындан тышкары, тематикалык семинарлар менен бирге КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин жана жарандык  коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен тренингдер өткөрүлдү. Тактап айтканда, 2020-жылдын 14-январында “Коомчулуктун катышуусу менен аудит” темасында тренинг өткөрүлдү. Аталган иш-чара Кыргызстандагы USAID эл аралык уюмдун «Биргелешип башкаруу программасы» долбоорунун жардамы менен уюштурулду.

КР Эсептөө палатасынын республикалык бюджет жана мамлекеттик мүлк боюнча аудиттин бөлүмүнүн башчысы Гулжан Эгимбаева аталган тренингге Эсептөө палатасынын катышуусу жана жарандык коомчулук менен иштешүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, аудитти жүргүзүүдө жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу боюнча иштелип чыккан документтердин укуктук базасы Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен кайрадан иштелип чыгышы керек. Тренинг учурунда Коомчулуктун катышуусу менен аудит жүргүзүү жөнүндө жобо талкууланып, аталган документке Эсептөө палатасынын кызматкерлери түшүндүрмө беришти. 

2020-жылдын 15-январында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн “Дүйнөлүк банктын сатып алуулар жол-жоболору” темасында тренинг өткөрүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жүргүзгөн сатып алуулардын түзүмү, товарларды, жумуштарды жана консультациялык эмес кызматтарды  тандоо ыкмалары, стандарттуу сатып алуу документтери жана КРда товарларга жана жумуштарга сунуштарды баалоо жөнүндө маалыматтар талкууланды.