Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 21-январда болуп өттү

2020-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жыл мезгил аралыгында  “Жалалабатэлектро” Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет, Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчёт, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, жыйында ардактуу эс алууга чыгып жаткандыгына байланыштуу Эсептөө палатасынын бир катар кызматкерлери “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ардактуу кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.