Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар бөлүмүнө барышты

Бүгүн. 2019-жылдын 26-декабрында, Эсептөө палатасынын Төрагасы Улукбек Марипов, аудитор Зарылбек Сатаев, Аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов башында турган эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө барышты.

Жаңы жылдын астында Эсептөө палатасынын кызматкерлери кичинекей бейтаптарды жана дарыгерлерди келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Марипов балдарды даарылоонун шарттары менен таанышып, балдар жана алардын ата-энелери менен маектешти. «Эң башкысы, балдар оорубасын. Ар бир ата-эне балдарынын аманчылыгын, ден соолугун тилейт. Балдардын ден соолугу чың болсо, биз үчүн андан өткөн чоң бакыт жок. Балдар тезирээк сакайып кетип, ден соолуктары чың болсун! Бул борборго бейтаптар аз келсин», - деди ал.

Ошондой эле, Эсептөө палатасынын төрагасы бөлүм дарыгерлеринин палатасын капиталдык оңдоодон кийинки абалы менен таанышып чыгып, алардын оор жумушунда чоң ийгиликтерди каалап, ыраазылык билдирди. 

Маалымат үчүн. Эсептөө палатасынын кызматкерлери бир добуштан жаңы жылдык корпоративди өткөрүүдөн баш тартышкан. Кызматкерлер Жаңы жылдын алдында өз каражаттарына оорулуу балдарга жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурду.  Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн бейтаптарына жана эмгек жамаатына зарыл болгон атайын медициналык жабдуулар (абаны чыпкалап тазалоочу жабдуулар) жана башка жаңы жылдык белектер сатылып алынган.