Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-жылдагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун чыгымдарына жүргүзүлгөн аудитте: 1,3 млн. сомго каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-жылга III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын талкуулады.

Аудиттин жүрүшүндө жалпы суммасы 1 млн. 349,5 миң сомго каржы бузуулар аныкталды. Алсак: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан “Товарларды жана кызматтарды сатып алуу” беренеси боюнча 348,8 миң сом суммасында бюджеттик каражаттарды максатсыз чыгымдоого жол берилген (бул сумма калыбына келтирилген).

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2018-жылдагы 23-ноябрындагы №551 буйругу менен, III ДКОну өткөрүүнүн жүрүшүндө жоголгон катары негизсиз эсептен чыгарылган товардык-материалдык баалуулуктардын суммасы – 1, 0 млн. сомго аныкталган; анын ичинде, театрлаштырылган костюмдар, театралдык маалым даректер, жумушчу топ үчүн костюмдар бар (614,6 миң сом кайтарылды).

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө бузуулар аныкталды.

КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы конкурс өткөрбөстөн туруп, 500 миң сом суммасында 37 адам санындагы VIP коноктору үчүн жакшы шарттары менен, конок үйлөрүндөгү мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Сатып алуулар бөлүмү тарабынан III ДКОну ачуу жана жабууну уюштуруу боюнча коюучу режиссёрдук топтун кызматына, ивент кызмат көрсөтүүсүнө жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик сатып алууда бааларга мониторинг жүргүзүлгөн эмес.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан театралдашкан жана сценалык костюмдарды иштеп чыгуу жана тигүү боюнча сатып алууларды жүргүзүүдө, түз келишим түзүү ыкмасы менен конкурстун жеңүүчүсүн аныктаган. Натыйжада, конкурстук комиссия башка компаниядан 212,5 миң сом суммасындагы бааны сунуштаган компанияны тандап алган.

№1 жана №3 лот боюнча мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууда, конкурстук табыштамалардын баасы өтө төмөндөтүлгөнү аныктаган Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин конкурстук комиссиясы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 8-бөлүгүн бузуу менен, жабдуучу “Алтын жай” ЖЧКсынан келишимди аткарууга кудуреттүүлүгү шек туудурган позициялар боюнча конкурстук табыштамага карата кең-кесири маалыматты жазуу жүзүндө берүүнү сураган эмес. Натыйжада, аталган жабдуучунун конкурстук табыштамасында биринчи лот боюнча 1 млн. 400 миң сомго, үчүнчү лот боюнча - 1 млн. 815 миң сомго аз болгон.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 1 млн. 349,5 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 963,4 миң сом кайтарылды.

КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштамалары аудит объектисине жөнөтүлдү. Аудиттин материалдары маалымат үчүн, тиешелүү органдарга жиберилди.