Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 12-декабрда болуп өттү

2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык жардамынын корпоративдүү маалымат тутумунун маалыматтык технологиясына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчеттун, 2018-жылда “Чыгыш электр” ААКнын ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчеттун, 2017-2018-жылдар мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле, 2016-2018-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет дагы талкууга алынды. Аталган шайкештик аудити биринчи жолу өткөрүлүп, Кыргызпатенттин жетекчилиги алардын келечектеги ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жана сунуштамалары натыйжалуу жана керектүү болгондугун тастыктады.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 12-декабрындагы абал боюнча 2018-жылы жазма буйруктардын аткарылышы жөнүндө жалпы маалымат угулду. 

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.