Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде 49,7 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2018-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен, жалпы суммасы 49 млн.722,2 миң сом каржы бузуулар аныкталды.

Аныкталган каржы бузууулардын ичинен эң көбү төмөнкүлөр:

Жалпы аныкталган 49 млн. 722,2 миң сомдук каржы бузуулардын ичинен        21 млн. 552,2 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген сумма - 17 млн. 496 миң сом.

Мындан тышкары, 22 млн. 471,1 миӊ сом суммасында рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталган, анын ичинен 21 млн. 954,1 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 117 млн. 807,2 миң сом суммасында аныкталган. Анын ичинен: 21 млн. 548,4 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилген сумма - 2 млн. 183,2 миң сом.