Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2018-жылдарга Бишкек бюджетинин аудити: 1,3 млрд. сом суммасында каржы бузуулары аныкталды

2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын жана анын 4 административдик райондорунун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен, жалпы суммасы 1 млрд. 296 млн. 726,1 миң сом каржы бузуулары аныкталган.

Аудиттин жүрүшүндө каржы бузуулардын эн ири суммасына төмөнкүлөр кирет:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 1 млрд. 2 млн. сом;
  • каржы булактары жок, республикалык бюджетте турган мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражаттарды максатсыз бөлүү – 175 млн. 895,8 миң сом;
  • курулуш-куруу иштеринин көлөмүнүн ашырылышы – 104 млн. 922,4 миң сом;
  • дебитордук карызды жашыруу жана насыялык карызды ашыруу – 3 млн. 975,8 миң сом.

Мындан тышкары, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 46 млн. 253,9 миң сом суммасында аныкталган. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 318 млн. 468,4 миң сом.

Бишкек шаары боюнча аудит

2017-2018-жылдары каржы бузуулардын жалпы суммасы 708 млн. 200,2 миң сомго аныкталган. Анын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 520 млн. 941,5 миң сом;
  • курулуш-куруу иштеринин көлөмүнүн жогорулатылышы – 104 млн. 922,4 миң сом;
  • каржы булактары жок, республикалык бюджетте турган мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражаттарды максатсыз бөлүү – 70 млн. 60,9 миң сом;

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар  40 млн. 519,6 миң сом суммасында аныкталган. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 317 млн. 388,4 миң сом.

Октябрь району боюнча аудит

2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын административдик райондорунун ичинен каржы бузуулардын көбү Октябрь районунда аныкталган. Бузуулардын жалпы суммасы 150 млн. 976,6 миң сом болгон. Алардын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 126 млн. 6,5 миң сом;
  • каржы булактары жок, республикалык бюджетте турган мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражаттар – 24 млн. 328,0 миң сом;
  • дебитордук карызды жашыруу жана насыялык карызды ашыруу – 3,6 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 522,9 миң сом.

Ленин району боюнча аудит

Аныкталган бузуулар боюнча экинчи орунда жалпы суммасы  150 млн. 723,6 мин сом суммасы менен Ленин району турат. Алардын ичинен:

  • эмгек акыларын негизсиз төлөө – 125 млн. 876,5 миң сом;
  • каржы булактары жок, республикалык бюджетте турган мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражаттар – 24 млн. 684,3 миң сом;
  • дебитордук карызды жашыруу жана насыялык карызды ашыруу – 3,6 миң сом.

Мындан тышкары, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 5  млн. 179,0 миң сом суммасында аныкталган. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 604,9 миң сом.

Свердлов району боюнча аудит

2017-2018-жылдар аралыгында жалпы суммасы 146 млн. 269,0 миң сом суммасындагы каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 120 млн. 179,5 миң сом;
  • каржы булактары жок, республикалык бюджетте турган мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражаттар – 24 млн. 623,7 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 1 млн. 274,4 мин сом.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 9,5 миң сом.

Биринчи Май району боюнча аудит

Аталган райондо жалпы суммасы 140 млн. 556,7 миң сом суммасындагы каржы бузуулары аныкталды. Анын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 108 млн. 357,8 миң сом;
  • каржы булактары жок, республикалык бюджетте турган мекемелерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражаттар – 32 млн. 198,9 миң сом;

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 32,4 миң сом суммасында аныкталган. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары -  465,6 миң сом.

2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын мекемелеринин жана уюмдарынын жана муниципалдык ишканаларынын бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча отчет, Бишкек шаарынын прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.