2 жылда Алай районунун жергиликтүү бюджеттеринде 2,9 млн. сом каржы бузуулары аныкталды
2017-2018-жылдар аралыгында Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоонун, айылдык аймактардын бюджеттеринин түзүлүшүүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 2 млн. 893,6 миң сом каржы бузуулары аныкталды.
Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:
- курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жана баасын жогорулатуу - 2 млн. 631,6 миң сом;
- иш сапар чыгымдарын ашыкча төлөө -
- мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 33,8 миң сом;
- материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу - миң сом.
Мындан тышкары, бюджеттин резерви жана жоготуулары 1 млн. 822,3 миң сом суммасында аныкталды.
Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 2 млн. 888,6 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 1 млн. 949,3 миң сом кайтарылды.