Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Аксы районунун жергиликтүү бюджеттеринин аткарылышына аудит жүргүзүлдү

2017-2018-жылдар аралыгында Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоонун, айылдык аймактардын бюджеттеринин түзүлүшүүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 1 млн. 254,5 миң сом каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган: дебитордук карызды жашыруу жана кредитордук карыздарды жогорулатуу - 391,2 миң сом; мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 346,3 миң сом; материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу -153,3 миң сом, ошондой эле иш сапар чыгымдарын ашыкча төлөө - 94,1 миң сом.

Мындан тышкары, бюджеттин резерви жана жоготуулары 1 млн. 631,2 миң сом суммасында аныкталды.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 16 млн. 281 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 3 млн. 356 миң сом кайтарылды.