Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын бюджетинде 6,4 млн. сом суммасында каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук мекемелеринин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн пландык аудиттин жыйынтыгы менен 6 млн. 370,2 миң сом өлчөмүндөгү каржы бузууларын аныктады.

Аудиттин отчету Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда каралды.

Аудиттин материалдары боюнча, аныкталган каржы бузууларынын ичинен 4 млн. 955,8 миң сому эмгек акыларын негизсиз төлөө болуп саналат. Башкача айтканда, оор жумуштар жана зыяндуу, же кооптуу шарттагы эмгек үчүн кошумча төлөөнү аныктап жатканда, мыйзам ченемдери сакталган эмес, жыйынтыгында, Борбордук аппаратта жана ведомстволук мекемелерде 3 млн.     682 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталган. Мындан тышкары, Мамлекеттик архивде бюджеттик каражаттар боюнча эмгек акы фондусун үнөмдөөнүн эсебинен, мамлекеттик кызматчыларга кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде эмгектенген кызматкерлерге 802,7 миң сом суммасында сый акы төлөнгөн.

Ошондой эле, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган: иш сапар чыгымдарын төлөөдө бузуулар, тастыкталган документтери жок туруп, каражаттарды эсептен чыгаруу, курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жогорулатуу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Борбордук аппаратында республиканын региондору үчүн “Гибриддик почта” долбоорун өнүктүрүү максатында, компьютердик жабдуулар сатылып алынган. Азыркы учурда аталган жабдуулар ишке киргизилген эмес, бул болсо, 4 млн. 870 миң сом суммасында бюджеттик каражаттардын пландалган максатына жетпестен чыгымдалганын тастыктайт.

Аныкталган каржы бузууларынын ичинен 2 млн. 217 миң сому кайра кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 1 млн. 816,4 миң сом кайтарылды. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 63 млн. 834,8 миң сомду түзгөн. Рационалдуу эмес пайдаланылган бюджеттик каражаттар – 5 млн. 952,4 миң сом.