Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Төрага У.Марипов ЭКОСАИ эл аралык уюмунун 8-Башкы Ассамблеясына катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 2019-жылдын 21-23-октябрында Стамбул шаарында (Турция) Экономикалык кызматташтык боюнча өлкөлөрдүн аудитинин жогорку органдарынын уюумунун (ЭКОСАИ) 8-Башкы Ассамблеясынын жана 8-Симпозиумунун ишине катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында аудиттин жогорку органдарынын катышуучулары жүргүзүлүп жаткан аудиттердин эффективдүүлүгүнүн жана натыйжалуулугунун баалуулугун, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин аудитинин эффективдүүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында ЭКОСАИдын Окуу комитетинин 19-отуруму жана ЭКОСАИдын Башкаруу Кеңешинин 24-отуруму уюштурулду.

Ошондой эле, Башкы Ассамблеянын жүрүшүндө У.Марипов Иран Ислам Республикасынын Жогорку Аудитордук Сотунун делегациясы жана башка экономикалык кызматташтык өлкөлөрдүн аудиттинин жогорку органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Маалымат.  Экономикалык кызматташтык боюнча өлкөлөрдүн аудитинин жогорку органдарынын уюму (ЭКОСАИ) Түштүк жана Борбор Азия региондорунун аудитинин жогорку органдарынын регионалдык форуму болуп эсептелет. 1994-жылы негизделген ЭКОСАИ уюму мүчө-өлкөлөрдө мамлекеттик аудитордук кесипти идеялар, тажрыйба жана семинар, конференциялар жана окуу курстары аркылуу алдыга жылдырууга багытталган.