Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Президент С.Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы У.Мариповду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2019-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды.

2019-жылдын 9 айынын аудитордук иш-чараларынын натыйжалары, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик финансы каражаттарын калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат угулуп, улуттук аудит системасын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы улуттук жана мамлекеттик программаларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында конкреттүү объектке байланып аудит өткөрүүдөн алыстап, тематикалык аудиттерди өткөрүүгө өтүү керектигин белгиледи. 

Ошондой эле социалдык тармакка, өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Эсептөө палатасы стратегиялык аудитке өтүп, анын аналитикалык функциялары жана колдонуу ыкмаларын усулдук жагына басым жасоо менен ишке ашыруу керектигин белгиледи. 

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов берилген тапшырмага ылайык ачык-айкын иш жүргүзүүнү жогорулатуу боюнча мамлекеттик аудиттин заманбап санарип технологияларын киргизүүдө активдүү иштер жасалып, аны менен бирге Эсептөө палатасынын операциондук иштерин автоматизациялоо, аудиттин дистанциондук ыкмаларын өнүктүрүү, санарип инфраструктурасынын негизинде калк менен байланыш механизмин киргизүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Аудитордук ишти жүргүзүүнү эл аралык стандартка өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ал бюджеттик мекемелерди, өлкө аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын негизсиз текшерүүнү азайтуу боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады. Натыйжада, негизсиз текшерүүлөр кыйла төмөндөгөн.

Улукбек Марипов ошондой эле Эсептөө палатасында өз түзүмүн таза эмес кызматкерлерди аныктап, алардан тазалануу боюнча системалуу иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.