Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Нарын областындагы Ат-Башы районунун бюджетинде 4,1 млн. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды

Нарын областындагы Ат-Башы районунун айыл өкмөттөрүнүн бюджетинде 4 млн. 135,4 мин сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

Мындай маалыматтар КР Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2016-2017-жылдар үчүн Нарын областындагы Ат-Башы областынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында ачыкталды.

Аудиттин натыйжасында каржылык бузуулардын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталды: жаап жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар – 1 млн. 980,7 миң сом, эмгек акыларынын негизсиз төлөмдөрү – 1 млн. 539,3 миң сом,  материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 332 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары 1 млн. 72,2 миң сомду түзгөн, булар пайдаланылбаган айыл чарбага жарактуу мамлекеттик фондусунун жерлеринин жана жайыттардын эсебинен келип чыккан.

Мындан тышкары, ашыкча каржыланган теңдөөчү гранттардын (трансферттер) көлөмү 7 млн 366 миң сомду түзгөн, анын ичинен Ак-Талаа айыл өкмөтүндө 1 млн 850,4  миң сом, Кара-Коюн айыл өкмөтүндө 5 млн 515,6  миң сом. Ак-Талаа айыл өкмөтүндө 2016-жылы эсеп боюнча бюджеттен алына турган трансферттердин көлөмү 3 млн. 530,9 миң сомду түзгөндүгүнө карабастан, бюджеттен 5 млн 381,3 миң сом суммасында теңдештирүүчү трансферттер алынган. Ушундай эле көрүнүш Кара-Коюн айыл өкмөтүңдө дагы кайталанган, пландаштырылган 944,2 миң сом суммасындагы акча каражаттын ордуна 6 млн 459,8 миң сом берилген.

Ири суммадагы каржылык бузуулар төмөнкү айыл өкмөттөрдө табылган:

Ак-Моюн айыл өкмөтүндө бардык каржылык бузуулар 1 млн. 98 миң сомду түзгөн, анын ичинен материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 67 миң сом, жаап жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кердитордук карыздар – 1 млн. 31 миң сом (аталган сумма кайтарылды).

Ат-Башы айыл өкмөтүндө табылган бардык каржылык бузуулар 1 млн. 736 миң сомду түздү, анын ичинен эмгек акыларынын негизсиз төлөмдөрү – 1 млн. 497,1 миң сомду, курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 238,9 миң сом (аталган сумма толук кайтарылды).

Талды-Суу айыл өкмөтүндө табылган бардык каржылык бузуулар 1 млн. 11,7 миң сомду түзгөн, анын ичинен  материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу 179,3 миң сом, жаап жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кердитордук карыздар 832,4 миң сом (аталган сумманын ичинен 258,1 миң сом кайтарылды).