Баткен районунун жергиликтүү бюджеттеринде 1,2 млн. сомдук каржылык бузуулар аныкталды
2017-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Баткен районунун айыл аймактарынын бюджеттеринде 1 млн. 182,3 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.
Аталган маалымат Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча Аймактык түзүлүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында белгилүү болду.
Аудитке райондук мамлекеттик администрация, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Баткен башкармалыгы, Баткен районундагы өзүн-өзү башкаруу органдары камтылган.
Бюджеттик мекемелерде жана Баткен районунун айыл аймактарында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында төмөнкүдөй каржылык бузуулар аныкталды:
Каржылык бузуулардан 1 млн. 182,3 миң сом өндүрүлүүгө тийиш болсо, анын 1 млн. 96,5 миң сому өндүрүлдү.
Мындан тышкары, 354,3 миң сомдук бюджеттик жоготуулар аныкталды, анын ичинен 281,8 миң сому эмгек акыны негизсиз төлөө болуп саналат.