Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын төрагасы У.Марипов ири эл аралык аудитордук конгресске катышууда

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын делегациясы 194 мамлекеттин жогорку аудит органдарын бириктирип турган ИНТОСАИ Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун XXIII Конгрессинин ишине катышууда.

Конгресс 2019-жылдын 23-сентябрынан 28-сентябрына чейин Москва шаарында (Россия) өтүп жатат. Жолугушуунун эң негизги темалары: «Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүдө маалыматтык технологиялар» жана «Улуттук артыкчылыктарга жана максаттарга жетүүдө Аудиттин жогорку органдарынын ролу». Үстүбүздөгү жылы аталган уюмда төрагалык кылуу Россияга өтөт, ал эми Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын башчысы Алексей Кудрин кийинки үч жылдыкка анын президенти болуп шайланат.

Аталган иш-чаранын алкагында Аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) катышуучулары мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү үчүн маалыматты электрондук түрдө колдонуунун маанилүүлүгүн, өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүндө маалыматтардын чоң көлөмүнүн ордун жана ролун, ошондой эле сапаттуу мамлекеттик башкарууну алдыга жылдырууда жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууда аудиттин жогорку органдарынын катышуусунун маанилүүлүгүн талкулашууда. Мындан тышкары, АЖОнун өкүлдөрү кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу жана профессионалдык стандарттарды иш жүзүндө колдонуу маселелери боюнча маалыматтар менен алмашып жатышат.

Ошондой эле, ИНТОСАИ XXIII конгрессинин алкагында КР Эсептөө палатасынын төрагасы У.Марипов РФ Эсептөө палатасынын башчысы Алексей Кудрин, Турция Республикасынын Эсептөө сотунун президенти Сейит Ахмет Баш, Бириккен Араб Эмиратынын Аудиттин жогорку органынын президенти (2016-2019-жж. ИНТОСАИ төрагасы) Хариб Саид Аль-Амими менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенишүүнүн өнүгүү жолдорун аныкташты.

Маалымат: ИНТОСАИ бейөкмөт уюму 1953-жылы негизделип, БУУ мамлекеттеринин  аудиттин жогорку органдарын бириктирет. ИНТОСАИдын максаттарынын бири - уюмдун мүчөлөрүнүн аудиттерине иш жүзүндө анализин жүргүзүү жана иштин тийиштүү абалын аныктаган стандарттарды калыптандыруу.

Конгресс үч жылда бир жолу өткөрүлөт жана ал уюмдун жогорку органы болуп эсептелет. Аталган Конгрессте 170 өлкөнүн делегациялары – ИНТОСАИ мүчөлөрү, экономисттер, мамлекеттик башкаруу жана социалдык чөйрөнүн адистери, БУУнун, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышууда.