Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чүй областынын Москва районунда 5,5 млн. сом суммасында бюджеттин корлору жана жоготуулары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-2017-жылдар аралыгында Чүй областынын Москва районунун жергиликтүү бюджеттерин түзүү жана аткарууга, ошондой эле бюджеттик мекемелердин бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын колдонулушуна аудит жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, район боюнча, 730,4 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды, анын ичинен эң көбү: каражаттарды сарптоодо бузуулар жана жетишпестиктер – 432 миң сом.

Мындан тышкары, рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 1 млн. 619,2 миң сом суммасында аныкталды. Бюджеттин резердери жана жоготуулары жалпы суммасы 5 млн. 500,7 миң сом суммасында аныкталды, анын ичинен: эмгек акыларын төлөөдө бузуулар – 1 млн. 847,7 миң сом.

Эң ири каржылык бузууларлардын суммасы төмөнкү мекемелерде жана уюмдарда табылды:

  • Александровка айыл өкмөтүндө бюджеттин резервдери жана жоготуулары 1 млн 302,7 миң сом суммасында аныкталды.
  • Садовский айыл өкмөтү – 1 млн.117,9 миң сом,
  • Чапаев айыл өкмөтү –857,5 миң сом.
  • Предтеченка айыл өкмөтү - 648,6 миң сом,
  • Целинный айыл өкмөтү - 291,9 миң сом,
  • Петровка айыл өкмөтүндө каржылык бузуулар - 77,2 миң сом.

Аудиттердин материалдары Эсептөө палатасынын Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык түзүлүшүнүн жыйынында Москва районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчилигин, айыл өкмөтүнүн башчыларын жана финансы кызматкерлерин чакыруу менен каралды. Аудит жүргүзүлгөн бардык мекемелерге жана уюмдарга аныкталган каржылык бузуулар жана жетишпестиктерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Целинный айыл өкмөтүнүн аудитинин материалдары, тактап айтканда товардык-материалдык баалуулуктарынын кем чыгуусу боюнча маалыматтар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.