Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн электрондук сатып алуулардын маалыматтык аналитикалык системасын колдонуу боюнча тренинг уюштурулууда

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2019-жылдын 16-сентябрынан 28-сентябрына чейин мекеменин кызматкерлери үчүн электрондук мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтык аналитикалык системасын колдонуу боюнча тренинг жүргүзүлүп жатат.

Окуу 2019-жылга Эсептөө палатасынын кызматкерлерин окутуунун планына ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Электрондук мамлекеттик сатып алуулардын аудитинин типтүү методологиясын иштеп чыгуу: методологияны пилоттук негизде ишке ашыруу» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Окуу тренингине КР Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын жана аймактык түзүлүштөрүнүн 50 жакын кызматкерлери катышып жатат.

Окутуунун жүрүшүндө угуучулар мамлекеттик сатып алуулардын аудитин жүргүзүү боюнча жаңыртылган колдонмо тууралуу маалымат алышып, электрондук мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтык аналитикалык система жөнүндө теориялык билим, ошондой эле аталган системаны колдонуунун методологиялык жана практикалык көндүмдөрдү ала алышат.

Айта кетсек, тренингдин учурунда электрондук мамлекеттик сатып алууларга пилоттук негизде аудит жүргүзүү пландаштырылууда.