
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Жалал-Абад областынын Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жана 2021- 2022-жылдарга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпысынан – 8 млн 795,6 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды, анын ичинен:
- бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 2367,7 миң сом;
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү жана алар боюнча туумдарды, айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча көзөмөлдөө чараларынын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 385,6 миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 52,4 миң сом;
- тиешелүү тартипте каражаттарды чегерүүнүн тартибин бузуу менен сарпталган каражаттар – 135,2 миң сом;
- мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун эрежелерин бузуу менен кабыл алынган чечимдер – 63,6 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2437,3 миң сом;
- эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 706,1 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы –866,4 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын ченемден ашыкча корлору – 387,9 миң сом;
- негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 506,2 миң сом;
- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 13,5 миң сом;
- тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 75,1 миң сом;
- ижара келишимин бузуу – 343,3 миң сом;
- эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 278,8 миң сом;
- дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 176,5 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Ош областынын Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жана 2022-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпысынан – 23 млн 030,4 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды, анын ичинен:
- бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 954,5 миң сом;
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, ошондой эле туумдарды жана айып пулдарды эсептөө, төлөө боюнча көзөмөлдөө чараларынын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 1273,8 миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 86,4 миң сом;
- максатсыз чыгымдар – 30,5 миң сом;
- казынага түшпөй пайдаланылган каражаттар –185,5 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2191,5 миң сом;
- эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 1054,8 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы –551,8 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын ченемден ашыкча корлору – 270,5 миң сом;
- отчет берүүчү кызматкерлердин иштен бошогондон кийин, алар тарабынан отчеттуулукка берилген акча каражаттарынын кайтарылбашы – 100,0 миң сом;
- негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 11287,0 миң сом;
- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 2023,5 миң сом,;
- тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 100,7 миң сом;
- ижара келишимин бузуу – 45,0 миң сом;
- эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 439,3 миң сом;
- дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 2435,8 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, 2021-2022-жылдарга карата Талас областынын Бакай-Ата районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
Талас областынын Бакай-Ата районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча — 2 млн 738,3 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:
- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 2 568,9 миң сом, анын ичинде:
• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр — 1 461,6 миң сом;
• материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу, анын ичинде отчет берүүчү суммалар — 21,0 миң сом;
• бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу — 799,3 мин сом;
• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы — 287,0 миң сом;
• бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери — 169,4 миң сом, алардын ичинен;
• бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы — 169,4 миң сом.
- Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары — 11 257,7 миң сом, анын ичинде:
• товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары — 153,5 миң сом;
• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар — 116,9 миң сом;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары — 10 438,5 миң сом;
• башка резервдер жана жоготуулар — 548,8 миң сом.
- Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 1 632,4 миң сом, анын ичинде:
• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар — 1 632,4 миң сом.
Бакай-Ата районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан, 2021-2022-жылдарга карата Талас областынын Манас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында —2 млн 863,1 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:
• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр — 2 474,8 миң сом;
• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы — 370,1 миң сом;
• эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз — 18,2 миң сом.
Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары — 6 050,2 миң сом, анын ичинде:
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары — 6 050,2 миң сом.
Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 300,5 миң сом, анын ичинде:
• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар — 300,5 миң сом.
Манас районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен куттуктайм!
Эски жылды узатып жатып, жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыктарын чыгарып, келе жаткан жаңы жылга жакшы максаттарды алдыбызга коебуз.
2023-жыл жалпыбыз үчүн жемиштүү, ийгиликтүү жылдардан болду. Өлкөбүз экономика, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, курулуш, өндүрүш, спорт жааттарында жана башка дээрлик баардык тармактарда өнүгүү көрсөткүчтөрүнө жетише алды.
Бул жетишкендиктер келе жаткан жаңы 2024-жылында дагы уланып, мындан кийинки жаңы жылдарды дагы тосуп жатып, жетишкен ийгиликтерди белгилөө жакшы салтка айланат деген терең ишеничтемин!
Алдыга койгон максаттарга жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликтин, мамлекетибиздин өсүп – өнүгүүсүн эңсеген мекенчилдик маанайдын жана бекем ынтымактын негизинде гана ийгиликтүү жетише алабыз.
Урматтуу мекендештер!
Жаңы жылда сүйүктүү өлкөбүздүн бардык жашоочуларына Жараткан бекем ден соолукту, бактылуулукту жана ийгиликтерди берсин. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, токчулук, ынтымак жана туруктуу өнүгүү болсун!
Дагы бир жолу, сиздерди келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен куттуктайм!
Чын жүрөктөн каалоо менен,
Алмазбек Акматов

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Нарын областынын Ак-Талаа районунда 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйында —20 млн 363,2 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:
- бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши — 10,4 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү — 1124,3 миң сом;
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу — 65,8 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар — 44,7 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) — 559,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар — 53,9 мин сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы — 11,7 миң сом;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу — 5,5 миң сом;
- эсептүүлүк жана отчеттуулук тартибинин башка бузуулары — 5,6 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар — 18482,3 миң сом.
Мындан тышкары 18 (он сегиз) жол-жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Жаңы жылдын алдында КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө барышты. Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган Эсептөө палатасынын кызматкерлери бөлүмдүн жаш бейтаптарын, алардын ата-энелерин жана медицина кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттукташты.
“Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун тапшырмасы менен силерге келип жатабыз. Баарыңардын тезирээк сакайып кетишиңерди жана бул жерге кайра кайтып келбешиңерди каалайм. Эң негизгиси, ден-соолугуңуздар чың болсун. Балдар – биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги. Ошондой эле, бардык дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү да өзүлөрүнүн каалоо-тилекттерин айттырып жиберишти. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!”— деди Нурпаис Осмонов.
Салт боюнча Эсептөө палатасынын кызматкерлери быйыл да жаңы жылдык корпоратив өткөрүүдөн баш тартышты. Кызматкерлер өздөрүнүн жеке каражаттарынан оорулуу балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурушту.
Мындан тышкары, Эсептөө палатасы “Акниет” балдар борборуна барып, ал жактагы балдарды да келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, белектер тапшырылды. Бул мекемеде көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү, жетим балдар, ошондой эле ата-энеси укуктан ажыратылган балдар тарбияланат. Интернаттын директору өз кезегинде Эсептөө палатасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйынында 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин отчету каралды.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, анын аймактык органдарында жана ведомстволук бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзгөн.
Аудиттин жүрүшүндө, 2022-жылга карата соода жүгүртүүнүн, ресторандардын, мобилдик жана башка тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүң, ошондой эле барлар боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүң айрым көрсөткүчтөрү боюнча КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтары КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарынан 371,4 млрд сомго көп экени аныкталган.
Бишкек шаардык статистика башкармалыгында башка чийки заттар жана материалдар боюнча 18,3 миң сом суммасында кем чыгуу аныкталып, аудит аяктаганда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө калыбына келтирилген.
Интеллектуалдык маалыматтар борбору тарабынан иштебеген жана капиталдык салымдарды талап кылган “Белек” пансионатына 424,8 миң сомго чарбалык товарлар сатылып алынган, бул борбордун рационалдуу эмес чыгымдары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү. Аудиттин жүрүшүндө каржылык бузуулар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу болгон.
• 2020-жылдын апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо чыгымдар сметалык эсеп боюнча 56,8 млн сомду түзсө, анын 27,7 млн сому иш жүзүндө пайдаланылган.
• 2020-жылдын октябрь айы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен белгиленип 437,7 миллион сом пландалып, 420 миллион сому сарпталган.
• 2021-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоону өткөрүүдө чыгымдар сметалык эсеп боюнча 676,1 миллион сомду түзүп, анын 464,1 миллион сому сарпталган.
Белгилей кетсек, пайдаланылбай калган каражаттар республикалык бюджетке кайтарылган.

Бүгүн, 2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор В.А. Садовников жана М.К Арзыбаев тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелер каралды:
• 2020-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет;
• 2020-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, анын аймактык органдарында жана ведомстволук бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
Маселелерди кароо үчүн аудит объектилеринин жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудит объектилерине сунуштар берилди.
Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында, 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгына карата Кочкор районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралды.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Кочкор районунун бюджетинде – 35 млн 979,6 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү – 3307,5 миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 97,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджетке которуу/эсепке киргизүүдө укуктук негиздердин жоктугу же туура келбеши – 195,3 миң сом;
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 502,6 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууда бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 1386,4 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) – 1742,1 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар – 251,8 мин сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 2936,1 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 79,4 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 62,5 миң сом;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу – 20327,1 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар – 5091,8 миң сом.
Мындан тышкары 11 (он бир) жол-жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында, 2022-жылга карата Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Томкок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралган.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын бюджетинде – 10 млн 326,6 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:
- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 9 919,0 миң сом, анын ичинде:
• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр -2 620,9 миң сом;
• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 645,9 миң сом;
• эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 6 652,2 миң сом;
- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 263,4 миң сом, анын ичинде:
• салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу – 87,2 миң сом;
• бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 176,2 миң сом.
- Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 144,2 миң сом.
- Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -1 870,6 миң сом, анын ичинде:
• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 493,7 миң сом;
• бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 376,9 миң сом;
- Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 2,4 миң сом, анын ичинде:
• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 2,4 миң сом.
Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 240,3 миң сом.
Коллегиянын чечимине ылайык, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Токмок шаардык кеңешине маалымат, бардык аудит жүргүзүлгөн объектилерге жазма буйруктар жиберилген. Ошондой эле, Коллегиянын чечиминин негизинде, мурдагы аудиттин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктун аткарылбагандыгына байланыштуу, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын объектилери боюнча подрядчылар тарабынан иштердин наркынын 391,9 миң сом суммасында жогорулатылышын боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилген.

2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында, 2022-жылга карата Чүй областынын Сокулук районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышы боюнча шайкештик аудиттин отчету каралган.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Сокулук районунда – 14 млн 710,4 миң сом финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинде:
- жетпей калуулар жана уурдоолор – 57,1 миң сом;
- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 13 194,5 миң сом, анын ичинде:
- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр- 2 737,2 миң сом;
- товардык-материалдык баалуулуктарды жана эсепке берме суммаларды кошкондо, акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 49,5 миң сом;
- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 6 196,9 миң сом;
- мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 231,5 миң сом;
- эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 3 979,4 миң сом.
- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 759,7 миң сом, алардын ичинен:
- салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар – 385,7 миң сом;
- бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 343,9 миң сом;
- акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддер – 30,1 миң сом;
- Соцфонддун кошумча чегерилген кирешелери – 699,1 миң сом.
Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -14 млн 811,8 миң сом, анын ичинде:
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары-259,8 миң сом;
- эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 649,5 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 12 812,1 миң сом;
- бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 090,4 миң сом.
Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 3 млн 509,6 миң сом, анын ичинде:
- ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар-3 503,8 миң сом;
- мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы бузуулар – 5,8 миң сом;
- Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 31,9 миң сом.
Сокулук районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн. Ал эми "Сугат тармактарын капиталдык оңдоо" (З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтү) жана "Кызыл-Туу айылындагы Табышалиев көчөсүндөгү эски темир бетон лотокторду жаңыларына алмаштыруу" (Кызыл-Туу айыл өкмөтү) объекттери боюнча, "НЭК Лтд" ЖЧКсы боюнча аудиттердин материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилген.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине, келечектеги экономистерине жана финансистерине алардын билим деңгээлин практика менен бекемдөө үчүн, келечектеги жаш кадрларды калыптандыруу жана тарбиялоо максатында, дарстарды өткөрүп келет. Бул жолу Илимий-Изилдөө Университети "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин" Экономика жана сервис колледжинин студенттерине Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, маалыматтык экскурсия өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук ишти пландоо, отчеттуулук, маалымат жана санариптик өнүктүрүү боюнча башкармалыктын начальниги Руслан Абдыкалыков Эсептөө палатасынын статусу, ролу, милдеттери, төрага жана аудиторлордун ыйгарым укуктары, жана аларды шайлоонун тартиби жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Эсептөө палатасынын иш багыттарына, принциптерине жана аудиттик иш - чараларды пландоо, аудиттин түрлөрү жана аларды жүргүзүү эрежелери тууралуу кененирээк токтолду.
Андан тышкары студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, иш-чаранын жүрүшүндө көбүн эсе коррупцияга каршы күрөшүү, табылган бузуулардын түрлөрү, Эсептөө палатасынын мамлекеттик башка органдар менен анын ичинде укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен кызматташуу темаларын камтыды.


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу окуу жайларында, райондук билим берүү жана башка ведомстволук бөлүмдөрүндө 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына пландык аудиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө, бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн. Аудиттин журүшүндө 11 млн 030,7 миң сом суммасындагы мамлекеттик акча каражаттарынын уурдалгандыгы (хищение) аныкталган. Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 2022- жылы – 9 млн 408,9 миң сом, 2023-жылы – 1 млн 621,8 миң сом акча каражаты негизсиз которулган.

Бүгүн, 2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор З. А. Сатаев жана Б. А. Рыскулиев тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелер каралды:
• 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгына карата “Айыл чарбасын каржылоо - 10, 11”, “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” жана “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорлорунун алкагында “РСК Банк”, “Айыл Банк” жана “Кепилдик фонду” ачык акционердик коомдору тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет;
• 2022-жылга жана 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына карата “Ден соолук кербени” долбоорунун ишке ашырылышына жүрүзүлгөн финансылык аудити жөнүндө отчет;
• 2022-жылга карата “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
Маселелерди кароо үчүн аудит объектилеринин жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудит объектилерине сунуштар берилди.