10-июнда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы иши тууралуу отчетун кабыл алды. Отчетто мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана финансылык башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштер белгиленди.
Отчеттук мезгилде 98 аудитордук иш-чара өткөрүлүп, 1 636 түзүм жана мекеме текшерилген. Аудиттин жыйынтыгында 21,4 млрд сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталып, анын 13,4 млрд сому (62,6%) бюджеттерге кайтарылган.
Эсептөө палатасы Финансы министрлиги менен биргеликте мамлекеттик сектордун консолидацияланган финансылык отчеттуулугун талдап, мамлекеттик активдердин көлөмүн 61,2 млрд сомго көбөйтүүгө жетишти. Ошондой эле бюджетти толтуруунун 93,6 млрд сомдук кошумча резервдери жана 29,6 млрд сомдук натыйжасыз пайдаланылган ресурстар аныкталды.
Жергиликтүү бюджеттер боюнча жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында шаарлардан жана айыл өкмөттөрүнөн жалпысынан 2,9 млрд сомдон ашык финансылык тартип бузуу табылып, анын негизги бөлүгү калыбына келтирилди.
Жыл ичинде 1 032 жол-жоболук мыйзам бузуу аныкталып, 171 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 14 кызматкер кызматынан бошотулган. Коррупциялык белгилери бар материалдар боюнча укук коргоо органдарына 5,6 млрд сомдук 116 материал жөнөтүлүп, 14 кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, Эсептөө палатасы IT-аудит системасын киргизүү боюнча иштерди күчөтүп, санариптик текшерүүлөргө өтүү багытында инфраструктурасын жана адистердин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп келген.











