Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрларынын ички резервинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын Улуттук резервинде турган, белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ортосунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын социалдык жана курчап турган чөйрөлөрдүн чыгымдарына аудит жүргүзүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (Г-Б) - административдик мамлекеттик бош кызмат ордуна конкурс (мындан ары – конкурс) жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясына арыз жана керектүү документтерди берүү мөөнөтү, конкурс өткөрүү жөнүндө билдирилген күндөн тартып, беш жумушчу күнүнүн ичинде.
Конкурс өткөрүү мөөнөтү: документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 20 жумушчу күндүн ичинде.