Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2021-жылга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде аудит жүргүзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 656,1 млн сом суммасындагы каржы бузуулары жана ченемдик актыларга туура келбестиктер аныкталган, анын ичинен:

- аткарылган курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жана өздүк наркынын көрсөткүчтөрүн ашыкча баалоо, ошондой эле подряддык иштердин көлөмүн төлөөгө негизсиз кабыл алуу - 60,1 млн сом, анын ичинен: республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинен каржыланган объекттер боюнча  – 38,2 млн  сом жана Сауд өнүктүрүү фондунун “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунан каржыланган объектилер боюнча - 21,9 млн сом.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.06.2012-жылдагы № 387 “Жалпы билим берүү мектептеринин негизги техникалык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтому менен, Кыргыз Республикасынын аймагында коммуникацияларды жана жабдууларды эске албаганда, мектептин сыйымдуулугуна карата 1 чарчы метр курулуш иштеринин максималдуу наркы (долбоордук-сметалык документтер боюнча) бекитилген. Бирок, 2015-2020-жылдары түзүлгөн мектептердин негизги бөлүгүнүн долбоордук наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.06.2012-жылдагы № 387 токтому менен бекитилген курулуштун максималдуу наркынан болжолу менен алганда 201,5 млн сом суммасында жогору сумманы түзгөн.

Талдоого ылайык, 2021-жылы от жагуу жайы жана спорт зал каралган, курулуп бүткөн мектептердин факты жүзүндөгү наркы 1 чарчы метрине 23,0 миң сомдон 71,0 миң сомго чейинки сумманы түзгөн. Мында, 4 мектеп боюнча курулуш-куроо иштеринин факт жүзүндөгү наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.06.2012-жылдагы № 387 токтому менен бекитилген курулуштун максималдуу наркынан 34,7 млн  сомго жогору сумманы түзгөн.

- 01.01.2021-жылга карата мурдагы жылдан өткөрүлгөн объекттер тизмегинде куруу иштери 0% даярдыктагы 6 987,1 млн сом суммасында 127 капиталдык курулуш объекттери турат (өткөрүлүүчү объекттерде капиталдык курулушту аяктоого жалпы талап кылынган суммадан 49,7%ды түзөт), алардын социалдык-экономикалык натыйжалуулугуна баалоо иштерин жүргүзүү керек. Анткени, 0% курулуш иштери даярдыктагы 127 объекттин ичинен 85 мектеп имаратынын курулушу 5 021,5 млн  сом суммасын түзөт, алардын ичинен 2 111,5 млн  сом суммасындагы 44 мектеп Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын авариялык абалдагы имараттарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан сунушталган авариялык абалдагы жана дароо курулууга тийиш болгон мектептердин тизмегине кирген эмес.

Ошол эле учурда, авариялык абалдагы мектептерде 3 сменада окутуу жүрүп жатканда, 2020-2022-жылдары курулуп бүткөн 5 мектепте 1-сменада дагы толуктугу камсыздалган эмес же долбоордун кубаттуулугунун 45% - 70% чейинкини түзөт.

Айрым авариялык абалдагы мектептер жараксыз болуп (1927-1940-жылдары курулган мектептер да бар), окуу процесси мектеп имараттарынан сырткары объекттерде (бала бакчалар, клубдар, ФАПтар, турак үйлөр ж.б. имараттар) жүрүп жаткандыгына карабастан, 245 авариялык абалдагы мектептердин ичинен 59 мектепте каржылоо булактары аныктала элек, 44 мектеп 0% даярдыгы менен долбоордук деңгээлде турат, курулуп бүтө элек мектептердин катарында турган 58 мектеп 2021-жылга республикалык бюджеттен же башка булактардан каржылануучу объекттер тизмегине кирген эмес (Дүйнөлүк банктын долбоорлору, Сауд өнүктүрүү фонду ж.б.);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ММБ жана Турак жай-коммуналдык чарба тарабынан каралган долбоорлор боюнча МИ фонддорунун начар өнүккөндүгүнө байланыштуу, 2.02-пунктуна ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн кредиттик макулдашуулардын алкагында, республикалык бюджеттен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына 22 долбоор боюнча кредиттик каражаттарды резервге коюу үчүн жалпы  суммасы 129 248,4 миң сомдук комиссия төлөнгөн;

-“Кара-Балта шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү” долбоору боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу мезгил аралыгында каражаттар өздөштүрүлгөн эмес. Мында, мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгашалар 89,7 миң еврону же болжол  менен алганда 8 595,6 миң сомду түзгөн, алардын ичинен: 20,0 миң сом евро, же болжол  менен алганда 1 915,7 миң сом суммасында бир жолку комиссиялык төлөм алынган;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-жылдагы №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” жобонун 2, 3, 4-пункттарынын талабын бузуу менен, жамааттык келишимде же өзүнчө документте бекитилген, оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар тизмеде жок болсо да (2018-жылдан тартып жүргүзүлгөн эмес) зыяндуу эмгек шарттары үчүн, 1 642,3 миң сом суммасында кошумча төлөмдөр Мамкурулуштун Борбордук аппараты тарабынан жүргүзүлгөн;

-“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси боюнча зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө шарттарын сактабастан, 5841,6 миң сом жана ченемдик акты көрсөтүлбөгөн сый акыга 7617,7 миң сом өлчөмүндө негизсиз төлөмдөр жүргүзүлгөн;

– Мамкурулуш тарабынан кабыл алынган жалпы суммасы 25752,5 миң сомдук илимий-техникалык продукциялар жана 3783,2 миң сомдук аягына чыгарылбаган иштер, активдер катары эсепке алынбастан чыгышталган;

- Мамлекеттик долбоорлоо институтунун Ош шаары боюнча филиалынын балансында жана отчеттук маалыматтарында 20 486,0 миң сомдук дебитордук карыздар көрсөтүлгөн эмес.

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына жана анын филиалдарына жүргүзүлгөн аудиттин отчету каралды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2021-2022-жылдар мезгил аралыгына карата “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жана анын филиалдарынын ишине шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында баардыгы болуп, 29 млн 069,5 миң сом суммасындагы каржы бузуулары аныкталган, анын ичинен:

  1.  “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы боюнча товардык -материалдык баалуулуктардын калдыгына жүргүзүлгөн тандалма аудитте бухгалтердик эсепте турган 12 товардык-материалдык баалуулуктардыи ичинен 340,9 миң сом кем чыгуулар аныкталган (ордуна коюлду).
  2.   “Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” филиалы боюнча республикалык бюджетке которулууга тиешелүү ижара акысы 155,0 миң сомду түзгөн.
  3. “Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалында  техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүлбөй туруп, “Балыкчыдагы жылуулук жабдуу ишканасы” филиалы менен “Айкуп строй” ЖЧКсынын ортосунда 2022-жылдын 24-октябрындагы №64 “100м3 резервуарды 50м3 резервуар менен алмаштыруу жөнүндө” 1 130,4 миң сомго жумуштарды аткаруу боюнча келишим түзүлгөн жана иштер аткарылган. Откана көмүр менен иштегендиги аныкталып,  мазутка которуу боюнча болжолдонгон пландар кийин ишке ашкан эмес. Жыйынтыгында, резервуарды алмаштыруу зарылчылыгы жок болуп, учурда резервуар иштебегендиктин натыйжасында   1 130,4 миң сом суммасындагы каражаттар натыйжасыз чыгымдалган.
  4. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу  ишканасынын” филиалы тарабынан берилген маалыматтар боюнча “Ак-Жол-2000” Ф/Ч тарабынан келишимде белгиленген калориясы 5120 кКал/кг “Д” маркасындагы көмүрдүн ордуна, калориясы 3520 кКал/кг жана 3320 кКал/кг көмүр алынып келинген. Бул жагдай “Майлуу-Суудагы жылуулук жабдуу ишканасынын” филиалы тарабынан лабараториянын текшерүүсү менен аныктаган. Анын натыйжасында “Майлуу-Суудагы жылуулук жабдуу ишканасынын” филиалына 1 853,3 миң сом (1128,6 т) зыян келтирилген. 
  5. “Чүй "кристалл” ишканасынын” филиалында баштапкы эсепке алуу документтери толук толтурулбай 203,1 миң сомго күйүүчү-майлоочу майлар эсептен чыгарылган.
  6. Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды төлөөгө байланышкан бузуулар – 11 024,1 миң сомду түздү, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча төлөмдөрдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 3, 4, 5, 6-пункттарын бузуу менен, оор жумуштарга жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарга кызматтык маянанын 25% өлчөмүндө кошумча төлөмдөр филиалдар тарабынан жүргүзүлгөн.
  7. Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана амортизациялоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарбоо – 10 840,7 миң сомду түзгөн, бул “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы жер тилкелерин болжол менен 10840,7 миӊ сомго баланс эсебине коюлууга тийиш.
  8.  Эсеп саясатынын талаптарын бузуу жолу менен тийешелүү эсептен чыгарууга чечими жок туруп, баштапкы баасы 299,8 миӊ сомго негизги каражат баланстан чыгарылган.
  9. Дебитордук жана кредитордук карызды эсепке алуудагы бузуулар – 253,0 миң сомду түзгөн.
  10. Мыйзам талаптарына ылайык конкурстар өткөрүлбөстөн 2 945,4 миң сом сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүлгөн.

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар чоң кубаныч менен белгилеген жана биздин эл үчүн ырайымдуулуктун, сабырдуулуктун жана боорукерликтин белгиси болгон Курман айт майрамы менен Эсептөө палатасынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман куттуктайм!

Курман айт – кайрымдуулукту, кечиримдүүлүктү, боорукерликти чагылдырган мусулмандардын негизги майрамдарынан болуп эсептелет. Бул күндү мекендештерибиз дасторкон жайып, ак тилек, ачык маанай менен тосуп алышат.

Курман айт күнү бардык тилектерибизди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыбыз ишке ашсын.

Жараткан мамлекетибизди бөөдө кырсыктан сактасын. Жерибизге тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!

Айтыңар маарек болсун, урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди урматтоо менен, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов.

КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн, 2023-жылдын 12-июнунан 16-июнуна чейин Бишкек шаарында, 23-июнунда Балыкчы шаарында ЮНИСЕФтин колдоосу менен  “Программалык бюджеттөө”  тренинги уюштурулган. Тренингдин жүрүшүндө программалык бюджеттөөнүн ар кандай аспекттери каралды.

Тренингде бет ачар болуп, төмөндөгүдөй темалар түшүндүрүлгөн: программалык бюджеттөө түшүнүгү, анын артыкчылыктары, мыйзамдуу база, бюджеттик программаны түзүүнү  уюштуруу аспекттери жана негизги этаптары. Катышуучулар  бюджеттик программаны түзүү, кароо жана аткаруу  мөөнөттөрү, аны түзүүгө карата негизги талаптар жана ресурстук негиз маселелерин да талкуулашты.

 Ошондой эле, “Бюджеттик программанын паспорту. Бюджеттик программанын жана чаралардын  натыйжалуулугунун индикаторлору” темасы улантылды. Тренингдин катышуучулары бюджеттик программаны, иш-чаралар планын аткаруу, натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчеттуулукка жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү менен байланышкан маанилүү аспекттерди талкуулашты. Отчеттуулук жана натыйжалуулукту ички баалоо формалары каралды.

Тренингдин иши топ болуп иштөө менен аяктады. Анын жүрүшүндө программалык бюджеттерди  жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетторду кароодо көңүл бура турган маселелер талкууланды.  

Бүгүн, 23-июнда, Эсептөө палатасында бузуулардын жаңы классификаторун өнүктүрүү маселеси боюнча окутуу, талкуу болду. Иш-чарага Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери катышты. Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын жана сунуштамаларынын аткарылышынын жана мониторингин автоматташтырууну өркүндөтүүнүн концептуалдык багыттары каралды. 

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул өзгөчө күнү ишиңиздерде көрсөткөн жогорку кесипкөйлүктү баса белгилейбиз.
Сиздер, өлкөбүздүн жана анын жарандарынын бакубатчылыгы үчүн иштеп жаткан коомубуздун ажырагыс бөлүгүсүңөр. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр  мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Сиздер күн сайын туш болгон ар кандай милдеттерди жана кыйынчылыктарды натыйжалуу чечүү үчүн зарыл болгон билимдин, жөндөмдөрдүн жогорку деңгээлин көрсөтөсүздөр.
Кызматка берилгендигиңиздер, талыкпаган эмгегиңиздер жана мыкты ийгиликтерге дайыма умтулганыңыздар үчүн, ыраазычылык билдиргим келет. 
Сиздердин эмгекчилдигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө чоң салым кошууда.
Бул кесиптик майрам, сиздер үчүн кубаныч, сыймыктануу жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө бай, өзгөчө жана эстен кеткис көз ирмем болуп калсын. Сиздерге жана жакындарыңыздарга бакыт, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!

Урматтоо менен,
Алмазбек Акматов

2023-жылдын 22-июнунда, КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумда 2021-2022-жылга чейинки мезгил аралыгына карата КР Тышкы иштер министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө материалдар, 2022-жылга карата КР Улуттук банкында КР Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларынын жүзөгө ашырылуусуна жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө материалдар каралды.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган негизги бузууларды талкуулоодо, объектилер тарабынан мурунку аудиттин жыйынтыгында берилген жазма буйруктарды аткаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле аудит объектилеринин жетекчилерине алардын аткарылышын контролдоо зарылдыгын белгилешти.

Аудиттин жыйынтыгы тууралуу отчеттор КР Эсептөө палатасынын  www.esep.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

 

Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралды.

Депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди.

Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 млрд 662 млн сомго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын айтып, бул багытта укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар барбы?" - деген суроону узатып, бул уюмга 8 ачык акционердик коомду жана 8 мамлекеттик ишкананы модернизациялоо үчүн 1 млрд сом бөлүнгөнүн айтты. «Кыргызиндустрия» аталган 16 ишкананын ишин жандандыруунун ордуна «Кыргызмык», «Кыргызтопчу» жана башка ишканаларды түзө баштады», - деген Ж.Токторбаев отчетто «Кыргызиндустриянын» текшерүүсү тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.

Буга Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Кыргызиндустрия” ААКда 2023-жылы аудит жүргүзүлүп, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар аныкталганын маалымдады.

Андан тышкары, депутат Гүлшаркан Култаева аудит системасынын натыйжалуулугуна көңүл буруп, максатсыз пайдаланган каражаттарды мамлекетке кайтаруу маселесине токтолсо, эл өкүлү Кундузбек Сулайманов уурдалган каражаттарды мамлекетке кайтарып берүү мөөнөтүн кыскартуу зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарына кызыкты. Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун айтымында, 2021-жылы аталган мекемеге 2 млрд 700 млн сом бөлүнүп, анан ичинде 46 млн сомдук мыйзам бузуулар табылган. “Азыркы учурда бул каражаттардын 92% мамлекетке кайтарылган”, - деди аудитор. 

Ошондой эле депутат Марат Мураталиев Эсептөө палатасынын иши тууралуу сөз кылып, Министрлер кабинетин Эсептөө палатасынын корутундуларынын жана эскертмелеринин аткарылышына көңүл бурууга чакырды.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов Эсептөө палатасынын аудиторлорунан каражатты максатсыз пайдалануу жана уурдоо деген түшүнүктөрдү ажыратуу керектин айтып, жооптуу жетекчилердин кээ бир аракеттери мыйзам бузуу катары квалификациялоого дайыма эле негиз боло бербестигин жүйө келтирди.

Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиев коррупциялык тобокелдиктерди жана мыйзам бузууларды жоюу жана алдын алуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү маселелерин ортого салды.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар отчетту канааттандырарлык деп табышты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө отчёту менен таанышуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021 - 2022-жылдын мезгил аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча 5791,4 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 5791,4 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен:

  • акча каражатынын жетишпестиги 14,8 миң сом;
  • материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери 30,9 миң сом;

- каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 5459,9 миң сом болсо, андан:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 151,4 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз чыгымдоолор 101,8 мин сом;
  • сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 75,4 мин сом;
  • курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуулар (кошуп жазуулар) 2397,9 мин сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 2,0 мин сом;
  • дебитордук карыздарды жашыруулар жана кредитордук карыздарды негизсиз көбөйтүүлөр 2731,4 миң сом;
  • бюджетке кошумча эсептөөлөр 155,0 мин сом;
  • КРнын Социалдык фонддун бюджетине кошумча эсептөөлөр 130,8 миң сомду түзгөн.

Жалпы аныкталган каржылык бузуулардан 5737,5 миң сом ордуна коюлууга тийиш болгон болсо, аудиттин жүрүшүндө 395,1 миң сом ордуна коюлган, ал эми ордуна коюлбаган сумма 5342,4 миң сомду түзгөн.

Андан сырткары 3001,0 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор 12,3 миң сом (ГСМ);
  • эмгек акыларды төлөөдөгү чектен чыгуулар 2977,9 миң сом (ашыкча штат бирдиги);
  • башка резервдер жана жоготуулар 10,8 мин сом (ЭЭПЭ жазаналары ж.б).

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 4449,0 миң сом, анын ичинен:

  • пландалган максатына жетпестен чыгымдалган каражаттар 4449,0 миң сом, (4390,0 миң сом атайын техника, 59,0 миң сом 1С программа).

Аудиттин жыйынтыгы менен Базар-Коргон шаар мэриясында аныкталган 1658,3 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар жана пландалган максатына жетпей чыгымдалган 4390,0 миң сом каражаттар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчун Жалал-Абад облустук прокуратурасына берилди.

КРнын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, КРнын Эсептөө палатасынын 2022-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2021-жылга карата мезгил аралыгындагы Чүй облусунун Кемин районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшү жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Кемин районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында бардыгы: Аныкталган финансылык бузуулар -5 109,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 4 951,0 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 3 026,4 миң сом;
  • эсеп берме суммаларды кошкондо, материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын негизсиз эсептен чыгарылышы – 46,0 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 1 662,6 миң сом;
  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 20,0 миң сом;
  • жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 196,0 миң сом;

- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери 158,3 миң сом, анын ичинен:

  • салык жана бажы мыйзамдарын бузуу – 91,4 миң сом;
  • бюджетке которулууга тиешелүү ижара акысы – 66,9 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 11 399,9 миң сом, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы – 1 419,0 миң сом;
  • эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 629,6 миң сом;
  • КРнын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 3 204,3 миң сом;
  • бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 6 147,0 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1 082,1 миң сом, анын ичинен:

  • ТМБ нормативден ашык запастары жана эсептеги каражаттар– 1 082,1 миң сом.

Аудиттердин материалдары 2023-жылдын 6-июнунда КРнын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу бонча аудит жүргүзүлгөн бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

2021-2022-жылдар аралыгында Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 1664,2 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 1664,2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен:

  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарды негизсиз чыгыштоолор 117,5 миң сом, андан сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 8,0 миң сом;
  • курулуш иштерине кошуп жазуулар 1036,5 миң сом;
  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 211,8 миң сом;
  • дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруулар 298,4 миң сом.

Аныкталган каржы бузуулар толугу менен ордуна коюлууга тийиш болгон болсо, аудит учурунда 679,4 миң сом ордуна коюлган, ордуна коюлбаганы 984,8 миң сомду түздү. Мында сырткары 558,6 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен бюджеттик мекемелерди ашыкча каржылоо 550,0 миң сом, ченемден ашыкча чыгымдалган күйүүчу майлар 8,6 миң сомду түздү.

2021-2022-жылдар аралыгында Араван районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоосуна, айылдык аймактардын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 5 млн 322.6 миң сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды:

жалпысынан 5 млн 322.6 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен жетишпестиктер 57,2 миң сом, каражаттарды сарптоодо кетирилген кемчилдиктер жана бузуулар 4960,1 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр 224,2 миң сом;
  • негизсиз чыгышталган акча каражаттары 127,5 миң сом;
  • сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 47,1 мин сом;
  • каражаттарды казыналыктан сырткары жумшоо 71,0 мин сом;
  • курулуш иштерине кошуп жазуулар 4002,3 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 423,5 миң сом;
  • бухгалтердик эсептен дебитордук карыздарды жашыруулар 64,4 миң сом;
  • бюджетке кошумча кирешелерди эсептөө 196,9 миң сом;
  • социалдык фонддун бюджетине кошумча кирешелерди эсептөө 108,4 миң сомду түзгөн.

Аныкталган финансылык бузуулардын ичинен өндүрүүгө жатканы 5154,7 миң сом болсо, анын ичинен аудит убагында өндүрүлүп, ордуна коюлганы 1731,0 миң сом жана өндүрүлбөй калганы 3423,7 миң сомду түздү.

Жогоруда аталган финансылык бузуулардан сырткары 2369,2 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталды, анын ичинен:

  • күйүүчү майларды ченемден ашыкча сарптоо 86,6 миң сом, андан 24,2 миң сом ордуна коюлган;
  • эмгек акы төлөөдө кетирилген бузуулар 264,6 мин сом;
  • электр энергиясын пайдалануудагы эрежелерди бузган себептүү салынган жазаналар 2018,0 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алууларды жүргузүүдөгү рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 153,5 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен электр энергиясын пайдаланууда ири өлчөмдөгү бюджеттик жоготууларга жол берген Тепе-Коргон жана Керме-Тоо айыл өкмөттөрүнүн орто аралык актылары жана Тепе-Коргон айыл өкмөтүндөгү бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүдө жол берилген 72,2 миң сомдук кошуп жазуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Ош облустук прокуратурасына жиберилди.

Бүгүн, 2023-жылдын 10-июнунда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында массалык ишембилик өткөрүлүп жатат.
Эсептөө палатасынын жалпы жамааты ишембиликтин алкагында "Ала-Арча" Мамлекеттик жаратылыш паркына кетчү жолду тазалап чыгышты.

 

 КРнын Эсептөө палатасынын жаңы дайындалган кызматкерлерин адаптациялоо максатында, КРнын Эсептөө палатасынын тажрыйбалуу адистеринин ичиндеги тренерлер тарабынан, 2023-жылдын 9-июнунда техникалык окутуунун бекитилген программасы боюнча тренинг өткөрүлдү.

      Бул окутуу программасы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу, төмөнкүдөй  актуалдуу темаларга басым жасалган: шайкештик аудити боюнча колдонмону, финансылык аудити боюнча колдонмону, жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүү боюнча колдонмону жана бузуулардын электрондук классификаторун практикада колдонуу.

       Окутуунун жүрүшүндө жаңы дайындалган кызматкерлерге аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудит жүргүзүүнү уюштуруу процесси жана тобокелдиктерди баалоону жана аудитордук тандоону изилдөө боюнча кеңири маалымат берилди.

       Мындан тышкары, КРнын Эсептөө палатасында Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо, электрондук документтердин тутумдарын жана эсепке алууларын уюштуруу жана архивге өткөрүү үчүн көктөмөлөрдү түзүү, ошондой эле мамлекеттик кызматта мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу.  

Ошондой эле, КРнын Президентинин 2020-жылдын 18-декабрындагы №64 “КРнын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, реалдуу убакыт режиминде жаңы кызматкерлер үчүн “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү тутумунда (ЭДЖТ) авторизация жүргүзүлүүдө, ЭДЖТ интерфейси документтерди тариздөө боюнча ЭДЖТда практикалык иш принциби көрсөтүлдү.

Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Финансы-экономикалык системанын кызматкерлери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын көбүнүн активдүү катышуучулары жана демилгечилери болуп саналат.
Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, ишиңиздерге конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана анын финансылык туруктуулугун камсыз кылууда эмгегиңиздер маанилүү экенин белгилегим келет.
Бир максатта болуу менен гана биз, республикабызды жакшы жакка өзгөртө алабыз, мекендештерибиздин туруктуу жашоосун камсыздай алабыз, анткени, мамлекеттик бюджеттин ар бир сомунун артында Кыргызстандын элинин эмгеги турат.
Сиздерге чын дилимден кесиптик ийгиликтерди, туруктуулукту жана финансылык ишмердикте жаңы жетишендиктерди каалайм!
Урматтоо менен, 
КР Эсептөө палатасынын төрагасы                                             А.Ш. Акматов 

5-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө” Эсептөө палатасынын төрагасынын маалыматын укту.

Депутаттарга баяндаманы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жасады.

Талкууда депутат Айбек Алтынбеков мамлекеттик органдарда текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча маселеге токтолду. «Мамлекеттин каржылык ресурстары жарандардын каражаттары болуп саналат, андыктан текшерүүлөрдү кылдат жана так жүргүзүү зарыл», - деп белгиледи депутат Базар-Коргон районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү маселесин тактап. Эсептөө палатасынын өкүлдөрү Базар-Коргон району боюнча аудит бүтө электигин белгилешти.

Депутат Марлен Маматалиев аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын бюджети жана бюджеттик каражаттардын ордун толтуруу маселесин тактады.  Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын бюджети 256 млн сомду түзүп, бүгүнкү күндө 7,5 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын, текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул сумма көбөйөрүн белгиледи. Депутат Камила Талиева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каржылык мыйзам бузуулар бюджеттик процессти билбегендиктен болуп жатканын айтты.

2-июнда КРнын Эсептөө палатасынын Ош ш, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймктык бөлүнүшүнүн кызматкерлери үчүн «Программалык бюджеттештирүү» окуу программасы болуп өттү. 

Семинардын программасында «Программалык бюджеттин концепциясы» презентациясы камтылган. Артыкчылыктары. Программалык бюджетти түзүү үчүн мыйзамдык база. Уюштуруу аспектилери. ПНБнин түзүлүшүнүн негизги этаптары. Андан тышкары семинардын катышуучулары ПНБни түзүүнү, кароону жана ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, ПНБни түзүүнүн негизги талаптарын жана ресурстук базаны талкуулашты.

Ошондой эле катышуучулар «Бюджеттик программанын паспорту. Бюджеттик программалардын аткарылышынын көрсөткүчтөрү». Бюджеттик программаларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы. Бюджеттик программалардын аткарылышын көзөмөлдөө. Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндөгү отчеттордун мазмуну. Отчеттук формалар. ПНБнин ишке ашыруу сыяктуу иштеги маанилүү аспектилерге да токтолушту.

Семинардын жыйынтыгында топтук сессияларга бөлүнүп, программалык бюджеттерди карап чыгууда жана эффективдүү индикаторлорго жетишүү боюнча отчеттуулукта эмнелерди эске алуу керектигин карап чыгышты.  

Окутуу ЮНИСЕФтин «Комплекстүү улуттук каржылоо механизмдери» программасынын колдоосу менен уюштурулду. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат.

Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде пайда болгон мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында, КРнын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси жана профсоюз комитетинин мүчөлөрү Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында жайгашкан Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатакмектебинде болушту.

Интернатта 7 жаштан 17 жашка чейинки 155 бала жашап, билим алышат, анын ичинде окуучулар өлкөнүн ар кайсы региондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар бар. Мектеп-интернаттын өзгөчөлүгү - бул жерде ар кандай оорулардан (ДЦП, жүрөк-кан тамыр оорулары, энурез ж.б.) жабыркаган акыл-эси жагынан кем балдар багылгандыгында. Балдарга майрмадык маанай тартуулоо максатында таттуулар, оюнчуктар жана интернатка муздаткыч белекке берилди. 

Аймактык бөлүнүштүн жетекчиси Туркбаев А. Б. балдарды жана жатак-мектептин кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктап: "Биз сиздерге кам көрүп, муктаж болгон учурда жардам беришибиз керек. Бул жердеги ар бир бала көңүл бурууга муктаж жана алардын ар бири биздин сүйүүбүзгө жана камкордугубузга татыктуу!”- деп белгиледи.

Бүгүн, балдарды коргоонун эл аралык күнүндө КРнын Эсептөө палатасынын эмгек жамааты Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборуна барып, белектерди берип, куттукташты. 
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматов, аудитор Б.А. Рыскулиев, аппарат жетекчиси Н.Б. Осмонов, Профсоюз комитетинин төрагасы С.З. Утуров жана башка кызматкерлер бул жатак-мектебине барышып, балдарга жаркын маанай, шаттуу күн тартуулаган майрамы менен куттукташып, жакшы тилектерин, каалоолорун айтышты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өз сөзүндө ар бир бала коргообузга, мээримибизге муктаж экенин белгиледи.
“Сиздерге кааларым, бактылуу балалык, ар дайым ден соолугуңарды чыңдоону унутпагыла. Келечекте адептүү, билимдүү, акылдуу, мекенчил болуп өскүлө. Улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлаңыздар. Мекенибизди барктап сүйгүлө, анткени силер анын келечегисиңер. Кыялдангандан эч тартынбагыла, жаштын тилегин берет. Ошондой эле балдарды тарбиялап өстүрүүдө мугалимдердин эмгеги баа жеткис, бүт өмүрүңөрдү, билимиңерди арнап эмгектенип жатасыздар, сиздерге албан ийгиликтерди каалайм”, — деди Алмазбек Акматов
Чыгып сүйлөгөндөр, балдарга туура тарбия берип, илим-билимге сугарган, келечекте алардын мыкты инсан болуп чыгышына болгон күч-аракетин жумшаган, алар үчүн билимин жана өмүрүн арнаган мугалимдерге ыраазычылык билдиришти. 
Ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери өз каражаттарына сатып алган, белектерди – телевизорлор, кондиционер, китептерди, таттууларды, мөмө жемиштерди, кеңсе товарларын беришип, балдарды жана алардын мугалимдерин, тарбиячыларын сүйүнтүштү.
Ал эми бул борбордун директору Мукарам Атамырзаева биринчи жолу мындай белектерди алып жатканын айтты. 
“18-жылдан бери эмгкетенип келем, бирок демөөрчүлүлөрдөн мындай жардам ала элек болчубуз. Убактыңыздарды бөлүп бизге келип жатканыңыздарга аябай кубанычтабыз. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайбыз”, — деди Атамырзаева
Эсептөө палатасы буга чейин да Ысык-Ата районунун Красноречка атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин окуучуларына компьютерлерди, эмеректерди жана килемдерди жардам катары беришкен. Мындай жардам берүү майрам күндөрү гана болбостон башка учурларда да боло берээрин аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баса белгиледи.