Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагалыгы астында Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгына мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин ХХ сессиясы видео-байланыш аркылуу болуп өттү. Иш чара “Мамлекеттик аудиттин көз карандысыздыгын камсыз кылуу” темасынын алкагында өткөрүлдү.

Сессиянын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун жогорку органдарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Анда, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик аудит органдарынын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилери баяндама жасашты.

Сессиянын жыйынтыгы боюнча XX сессиянын резолюциясы жана чечими кабыл алынып, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин XX жана XXI сессияларынын ортосундагы мезгил аралыгына иш планы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке шаардык мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Таш-Көмүр финансы башкармалыгы, Таш-Көмүр шаарынын айыл өкмөттөрү, шаардагы өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды. Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 5612,1 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 1126,1 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 120,3 миң сом, ордуна коюлбаганы 1005,8 миң сомду түздү, бузуулардын классификатору боюнча:

– бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, туумдарды жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө, контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөнү 3,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда ордуна коюлган жок;

– кызматкерлердин эмгегине акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар (кызматтык акыларды, үстөк акыларды негизсиз көтөрүү, ашыкча штат бирдигин кармоо, негизсиз берилген сыйлык жана башка кошуп төлөөлөр) 4582,9 миң сом, андан ордуна коюлууга тийш болгон сумма 118,5 миң сом, толук ордуна коюлган;

– курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу 995,9 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, ордуна коюлган жок;

– товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 21,6 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (күйүүчу майлар, электр энергиясына салынган жазаналар);

– эмгек акы, сапар чыгымы, пособие, компенсация жана башка төлөөлөрдү жүргузүүдөгу бузуулар 8,4 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, 1,8 миң сом калыбына келтрилген, 6,6 миң сом калыбына келтирилген жок.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке Жалал-Абад шаардык Кеңеши, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгы жана Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар камтылды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпысынан – 4228,9 миң сомдук финансылык четтөөлөр (бузуулар) аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 4173,1 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 1923,2 миң сом, ордуна коюлбаганы 2249,9 миң сомду түздү, бузуулардын классификатору боюнча:

– бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча,алар боюнча туумдарды жана айып пулдарды эсептө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөнү 772,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 50,4 миң сом ордуна коюлган;

– бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 18,9 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;

– курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу 2820,6 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, аудит убагында 1331,2 миң сом калыбына келтирилген, андан бюджетке 20,0 миң сом, мекемеге 1311,2 миң сом;

– товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашкча чыгымдалышы 55,8 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (күйүүчу майлар);

– негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 11,3 миң сом, аудит учурунда мекемеге калыбына келтирилди;

– товардык материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарды ннегизсиз чыгымдоо 5,3 миң сом, ордуна коююлган жок.

– эмгек акы, сапар чыгымы, пособие, компенсация жана башка төлөөлөрдү жүргузүүдөгу бузуулар 14,7 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, калыбына келтирилген жок;

– мамлекеттик сатып алуулардагы башка бузуулар 530,3 миң сом,  бул сумма толук ордуна коюлду, анын ичинен республикалык бюджетке 117,1 миң сом, мекемеге 413,2 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Ош областынын Алай районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021- 2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгы, Алай районунун айыл өкмөттөрү, райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 6687,5 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 5962,0 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 3664,7 миң сом, ордуна коюлбаганы 2297,3 миң сомду туздү, бузуулардын классификатору боюнча:

– бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы жана өз учурунда төлөнүшү, туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө, контролду жүргүзүү чараларын көрүлбөшү (бюджетке жана СФ кошумча эсептөөлөр) 161,8 миң сомду түзгөн, аудит учурунда 159,0 миң сом ордуна коюлган, ордуна коюлбаганы 2,8 миң сом;

– бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 20,6 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлду;

– курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы 1576,9 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, ордуна коюлган жок;

– муниципалдык кызмат көрсөтүүдөгү бузуулар 235,2 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (ишкана мекемелер менен коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча (тазалык) келишимдер түзүлбөстөн кызмат көрсөтүлгөндүктөн кирешелердин түшпөй калышы);

– товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 127,5 миң сом, анын ичинен 41,6 миң сому ордуна коюлууга жатат, ордуна коюлган жок;

– кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар 459,2 миң сом, андан ордуна коюлууга тийиш болгон сумма 54,8 миң сом, 53,8 миң сом ордуна коюлган;

– негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 235,4 миң сом, аудит учурунда мекемеге толук калыбына келтирилди;

– мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы 17,9 миң сом, мекемеге калыбына келтирилди;

– тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу 17,7 миң сом, ордуна коюлду;

– дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу 3835,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 3160,3 миң сому мекеменин эсебине калыбына келтирилген.

Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрда, КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери жалпы элдик ишембиликке активдүү катышты.

КР Эсептөө палатасынын жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Заречное айылынын өйдө жагынан баштап Таш-Дөбө айылына чейинки жолду таштандылардан тазалап чыгышты. Ал эми КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү М. Горький атындагы паркты шыпырып, таштандылардан арылтты. Ошондой эле КР Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшү да ишембиликке катышып, Ош менен Жалал-Абад областтары чектешкен жерди тазалашты.

Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы шаардык жана республикалык ишембиликтердин активдүү катышуучусу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жыл аралыгына карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар,  бюджеттин резервдери жана жоготуулары, натыйжасыз пайдалнылган каражаттар аныкталды.  Атап айтканда: 2022-жылдын бюджетин аткарууда 536,8 млн. сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды,  анын ичинен 351,5 млн. сом ордуна коюлууга тийиш болсо ордуна коюлганы 349,4 млн. сомду түздү. Анын ичинен:

  • республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттар боюнча 349,4 млн. сом, ордуна коюлган;
  • тастыктоочу документтерсиз төлөнгөн иш сапар чыгымдар боюнча 14,7 миң сом, ордуна коюлду;
  • республикалык бюджетке  кайтарууга тийиш болгон каражаттардын калдыгына күнүмдүк калдыктарына эсептелген пайыздар түрүндө алынган 2,1 млн. сом киреше ордуна коюлган эмес.

Эмгек акыларга негизсиз төлөөлөр 8,1 млн. сом, анын ичинен:

  • кызмат ордуна тийиштүү тартипте аттестация жүргүзбөй туруп төлөнгөн зыяндуулук үчүн төлөмдөр 2,7 млн. сом;
  • кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн төлөөдөгү финансылык бузуулар 5,4 млн. сом;
  • республикалык бюджеттен каржыланган каражаттарды пайдаланууда «Банктык тейлөө төлөмдөрү» беренесине тиешелүү болгон пенсия жана жөлөкпулдарды жеткирүүгө «Кыргызпочтасы» МИ жана коммерциялык банктарга төлөнгөн чыгымдар өзүнчө каралбастан 177,0 млн. сомго «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул» беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.  

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылык бузуулардын алдын алуу максатында, министрликке 526,4 млн сом өлчөмүндө сунуштама жөнөтүлдү.

КР Эсептөө палатасы тарабынан 2022-жыл аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудити жыйынтыгында, фонддо жалпысынын 75 мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулары аныкталды. Аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 964 782,7 миң сомду түздү, анын ичинен:   124 023,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумма, аудит убагында 1 020,8 миң сом калыбына келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын каржылык бузуулардын классификатору боюнча бузуулардын структурасы төмөнкүдөй:

  1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол коюлган бузуулар: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 9, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 610,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш.
  2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 27, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 920 024,2 миң сом, анын ичинен:   110 962,3 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 504,2 миң сом калыбына келтирилди.
  3. Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер: саны – 11, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 18 382,5 миң сом, анын ичинен:  10 567,2 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 389,1 миң сом калыбына келтирилди;
  4. Эсепке алуу жана отчеттуулуктун тартибин бузуулар: саны – 15, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 10 674,6 миң сом, анын ичинен:  1 883,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 127,5 миң сом калыбына келтирилди.
  5. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузуулар: саны – 5, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 15 090,9 миң сом.
  6. Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин коллизиялары жана жол-жоболук бузуулар: саны – 8, бул бөлүктө жол-жоболук бузуулар гана классификациялангандыктан акча-каражат түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн эмес.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, бюджеттин резервдери жана жоготуулары, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталды. Атап айтканда, саламаттык сактоо уюмдарында:

Финансылык тартип бузуулар:

147 793,3 миң сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен: 50 361,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлганы 31 337,7 миң сомду түздү. Анын ичинен:

Акча каржаттарынан жана товардык материалдык баалуулуктардан жетишпестиктер 422,2 миң сомду түздү, анын ичинен:

  • акча каржаттарынын жетишпестиги 6,6 миң сом, ордуна коюлган;
  • товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги 415,6 миң сомду түзөт, аудиттин жыйынтыгында 371,5 миң сом ордуна коюлду, 44,1 миң сом ордуна коюлган эмес.

Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 144 992,9 миң сомду түзөт. Анын ичиенен: 47 560,9 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлганы 29 728,1 миң сомду түзөт. Анын ичинен:

  • эмгек акыларга негизсиз төлөөлөр 96 620,3 миң сом;
  • 143,6 миң сомдук материалдык баалулуктарды, акча каражаттарды негизсиз чыгымдоолорго жол берилгендиктери аныкталды жана 143,6 миң сом толугу менен ордуна коюлду;
  • 1003,8 миң сомдук сапар чыгымдарынан негизсиз чыгымдоолорго жол берилгендиги аныкталды;
  • курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 4 939,2 миң сомду түздү;
  • 13 481,4 миң сомдук Бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууларга жол берилгендиктери аныкталды: анын ичинен 4,5 миң сому ордуна коюлуп, 13476,9 миң сом ордуна коюлган эмес;
  • 28 804,6 миң сомдук жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздарга жол берилгендиктери аныкталды. Анын ичинен:  28 804,6 миң сом ордунга коюлууга тийиш, 28 231,4 миң сом ордуна коюлган жана 573,2 миң сом ордуна коюлган эмес;
  • бюджеттин кошумча эсептелинген кирешелери 2 378,2 миң сомду түздү, анын ичинен: 1 231,5 миң сому ордуна коюлган жана 1 146,7 миң сому ордуна коюлган эмес.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары:

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 4 957 748,6 миң сомду түздү, анын ичинен 282 981,8 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 42 250,2 миң сому ордуна коюлган жана 240 371,6 миң сом ордуна коюлган эмес. Анын ичинен:

  • товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары 41 586,0 миң сом, анын ичинен 71,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 4,7 миң сом ордуна коюлду;
  • бюджеттик мекемелерди ашыкча каржылоолор 219,9 миң сомду түздү, толугу менен бюджетке которулган эмес;
  • 21 106,3 миң сомдук эмгек акыны төлөө тартибин бузууларга жол берилгендиктери аныкталды;
  • башка бюджеттик резервдер жана жоготуулар 4 894 836,4 миң сомду түздү, анын ичинен 282 690,6 миң сому ордуна коюлууга тийиш болсо, 42 245,5 миң сом ордуна коюлуп, 240 445,1 миң сом ордуна коюлууга тийиш.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар:

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 85 589,8 миӊ сомду түзгөн, анын ичинен: 57 536,9 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлган эмес.

Пландаштырылган максаттарга жетпестен белгилүү бир иш-чараларга керектелген каражаттар 33 463,6 миӊ сомду түзгөн, алардын ичинен кайтарылууга тийиш болгон 6 625,3 миӊ сом, кайтарылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  3-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары  43 653,3 миӊ сомду түздү;
  • 7 252,2 миң сомдук эсепке алынууга тийиштүү дебитордук карыздардын кредитордук карыздардан ашыгы аныкталды;       
  • жылдын акырына карата бюджеттик мекемелердин банктагы эсептериндеги бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары  6,1 миң сомду түзөт, ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган эмес;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузууга жол берилип, 1 214,6 миң сомдук бузуулар аныкталды.

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул майрам Кыргыз Республикасынын мамлекет катары эркиндигинин жана кубаттулугунун символу болуп эсептелинет. Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алган күндөн бери башынан көп кыйынчылыктарды өткөрдү, ага карабастан  ар бир жолу кыргыз эли туруктуу, сабырдуу жана улуу калк экенин далилдеп келет. Эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салымыбызды кошолу.
Биз биргелешкен күч-аракет жана ак эмгек менен, Кыргызстандын улуу тарыхын жана анын ар тараптуу өнүгүүсүн улайбыз деп ишенем.

Бул маанилүү күндө Сиздерге бакубат турмуш, чың ден-соолук жана туруктуулук каалайм. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык жана ынтымак болсун.
Урматтоо менен, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов

2023-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында 2022-жыл аралыгына карата Жайыл районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин материалдары каралды.

Жайыл районунун жергиликтүү бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында - 3 млн  660,9 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

 - каражаттарды сарптоодогу бузуулар жана кемчиликтер - 2 784,8 миң сом, алардын ичинен: 

  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр -1 578,7 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын, анын ичинде эсепке берме суммалардын негизсиз эсептен чыгарылышы - 9,5 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 305,9 миң сом;
  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 66,5 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз -890,7 миң сом;

 - бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери - 455,0 миң сом, алардын ичинен;

  •  салык жана бажы мыйзамдарын бузуу - 93,1 миң сом;
  •  бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы - 361,9 миң сом.

- Соцфонддун кошумча чегерилген кирешелери - 421,1 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 7 982,3 миң сом, анын ичинде:

  • эмгек акыны төлөөдөгү мыйзам бузуулар - 598,5 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан колдонуудагы мыйзамдарга карама – каршы келген чечимдердин кабыл алынышына, бюджетти түзүүдө, анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүгө жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатууга байланыштуу салык, бажы жана башка төлөмдөр жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 6 123,8 миң сом;
  • бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 260,0 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1 263,2 миң сом, анын ичинде:

  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсетеги каражаттар-1 263,2 миң сом.

Жайыл районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Коллегиянын чечимине ылайык, тиешелүү айылдык кеңештерге карап чыгуу үчүн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жиберилген.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Лейлек районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудит жүргүзгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Лейлек башкармалыгы, Лейлек районунун айыл аймактары, Раззаков шаар мэриясы, райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.

Аудиттин жыйынтыгы менен, жалпысынан – 4790,3 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Жалпы каржылык бузуулардын ичинен: товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 13,4 миң сом, каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы – 4445,0 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр – 470,4 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарын, жоопкерчилике берилген каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруулар – 141,4 миң сом (андан сапар чыгымдарын ашыка төлөөлөр 27,5 миң сом);
  • курулуш иштерине кошуп жазуулар –1819,8 миң сом;
  • максатсыз чыгымдар – 120,4 миң сом;
  • дебитордук карыздарды эсептен жашыруу жана кредитордук карыздарды эсепте ашыкча көрсөтүү – 1893,0 миң сом;
  • бюджетке кошумча эсептөөлөр – 243,5 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кошумча эсептөөлөр – 88,4 миң сом.

Жалпы аныкталган – 4790,3 мин сом каржылык бузуулардын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгону – 4344,0 миң сом, аудиттин жүрүшүндө – 1657,1 миң сом ордуна коюлду. Ал эми ордуна коюлбаган сумма – 2686,9 миң сомду түзөт.

Андан сырткары – 340,9 миң сомго бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор – 29,7 миң сом;
  • ижара акы боюнча дебитордук карыздарды пландан азайтуу – 135,4 миң сом;
  • башка резервдер жана жоготуулар – 175,5 (эл.эн.штраф, КБФ жерлерин ижарага акылары, ж.б.).

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү – 618,0 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, Разаков шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик Департаментиндеги – 957,9 миң сомдук ижара боюнча өндүрүлбөгөн дебитордук карыздар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн, укук коргоо органдарына жиберилди.

2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу, 2023-жылдын 08-августан 10-августка чейин, USAID тарабынан каржыланган Фискалдык жоопкерчилик жана туруктуу соода долбоорунун (FAST USAID) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги талаптары" деген темада тренинг өткөрүлдү.

Тренер эксперт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери, FAST USAID долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча консультанты – Абдымомунова Сайна болду.

Тренингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине мамлекеттик сатып алуулар системасындагы инновациялар, мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруудан контракттык башкарууга чейинки этаптары, сунуштарды баалоонун түрлөрү, апелляциялык механизми, ошондой эле, “Тандоо” электрондук каталогду колдонуу тууралуу маалымат берилди.

Тренингдин катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү инновациялар боюнча актуалдуу маалыматтарды алып, талкуулашты, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасы боюнча өз ой-пикирлерин билдиришти. Андан тышкары мамлекеттик сатып алуулар аудитин жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулардын инструменттерин жана механизмдерин колдонууну үйрөнүштү. Тренингдин практикалык бөлүгүндө кейс боюнча топтук талкуулар уюштурулду.

Жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышып, тренингге катышуу сертификаттарын алышты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2023-жылдын иш планына ылайык 2020-2022-жылдар аралыгына карата “Учкун” Ачык акционердик коомунун ишине шайкештик аудит жүргүзгөн.

Аудиттин жүрүшүндө, жалпысынан 2809,4 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:

Эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды, пособиелерди, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан бузуулар - 1551,2 миң сом.                                                              

Бош кызмат орундарын айкалыштыруу үчүн үстөктөрдү белгилөө маселелерин жөнгө салуучу ченем жок болгон учурда "Учкун" ААК кызматкерлердин бош кызмат ордун айкалыштыруу үчүн маянасына үстөк акы 1322,9 миң сом суммасында жана 228,3 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүү негизсиз белгиленген, анын ичинен 2020-жылы 305,3 миң сом суммасында эмгек акы жана 52,7 миң сом суммасында КР Социалдык фондуна чегерүүлөр, 2021-жылы 534,3 миң сом суммасында жана 92,2 миң сом суммасында КР Социалдык фондуна чегерүүлөр эсептелген 2022-жылы 483,3 миң сом суммасында жана КР Социалдык фондуна чегерүүлөр 83,4 миң сом суммасында.  

Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлкттөрдү эсептен чыгаруу - 1007,1 миң сом. 

Коомдун Эсеп саясатынын талаптары сакталбастан, отчет берүүчү адамдардан аванстык отчеттор кабыл алынган жана эсептен чыгарылган, атап айтканда:

  • товардык-материалдык баалуулуктар жалпы 238,5 миң сом суммасында, анын ичинен 2020-жылы - 129,6 миң сом, 2021-жылы - 108,9 миң сом;                                                              
  • автоунааларды оңдоо жана техникалык тейлөө чыгымдары жалпы 768,6 миң сом суммасында, анын ичинен 2020-жылы - 267,1 миң сом, 2021-жылы - 333,1 миң сом, 2022-жылы - 168,4 миң сом.           

Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тартибин башка бузуулары -  251,1 миң сом. Коомдун Эсеп саясатынын талаптары сакталбастан отчет берүүчү адамдардан аванстык отчеттор кабыл алынган жана эсептен чыгарылган, атап айтканда:

  • өкүлчүлүк чыгымдары жалпы 230,9 миң сом суммасында, анын ичинен 2020-жылы - 47,2 миң сом, 2021-жылы - 139,2 миң сом, 2022-жылы - 44,5 миң сом; 
  • кызмат көрсөтүү чыгымдары жалпы 20,2 миң сом суммасында, анын ичинен 2021-жылы - 10,0 миң сом, 2022-жылы - 10,2 миң сом. 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2023-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Ысык-Көл областынын Тоң районунда 2021-2022 жылдар аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзгөн.  

Жүргүзүлгөн аудиттин  жыйынтыгында – 18 млн 181,5 миң сомдук каржы бузуулары аныкталган.  Жалпы аныкталган каржы бузуулардан – 8352,8 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, андан аудиттин жүрүшүндө – 3384,3 миң сом ордуна коюлган, анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү – 1471,5 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар – 300,8 миң сом;
  • бюджеттен каражаттарды берүү тартибин бузуу тобу – 25,3 миң сом;
  • Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 3594,3 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 651,9 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо, ошондой эле бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган  чыгымдар) – 1100,6 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарынын сакталышы жана кайтарылышы камсыздалбаганы – 568,6 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү сактоонун камсыздалбаганы – 3058,9 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 2456,3 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 4,1 миң сом;
  • бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин бузуу – 2490,7 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар – 2091,6 миң сом;
  • тармактык ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин жол-жоболорун бузуу – 366,9 миң сом.

Мамлекеттик сатып алуулар тармагында 3 жол-жоболук мыйзам жана 18 башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

          Ири суммадагы каржы бузуулар, төмөнкү айыл өкмөттөрүндө аныкталган:

  1.   Ак-Терек айыл өкмөтүндө – 1120,2 миң сом;
  2.   Б. Мамбетов айыл өкмөтүндө – 1033,3 миң сом;
  3.   Кажы-Сай айыл өкмөтүндө – 1737,9 миң сом;
  4.   Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө – 3386,6 миң сом;
  5.   Көк-Мойнок айыл өкмөтүндө – 1981,7 миң сом;
  6.   Тоң айыл өкмөтүндө – 1705,7миң сом;
  7.   Төрт-Күл айыл өкмөтүндө – 2819,7 миң сом;
  8.   Улахол айыл өкмөтүндө – 2425,0 миң сом.

Аудиттин материалдары Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишкана башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен, аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Укуктук баа берүү үчүн: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ысык-Көл областык башкармалыгына, Кажы-Сай айыл өкмөтүндөгү 2019-2020-жылдар аралыгына карата мурдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча, жазма буйрукту аткарбагандыгы боюнча жана “Көк-Мойнок машина-трактордук станциясы” муниципалдык ишканасында өткөрүлгөн аудиттин материалдары, Ысык-Көл областык прокуратурасына, Көк-Мойнок айыл өкмөтүндөгү айрым маселелер боюнча жүргүзүлгөн аудиттин материалдары, Улахол айыл өкмөтүндөгү баланстык баасы 1920,0 миң сомдук ХОВО маркасындагы жүк ташуучу автоунаасы боюнча материалдар Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө  жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудит жүргүзгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Баткен башкармалыгы, Баткен районунун айыл аймактары, шаар мэриясы, Баткен районундагы өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.        

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан – 8313,2 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталды, анын ичинен:  каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчилдиктердин жалпы суммасы – 7934,1 миң сом болсо, андан:   

  • эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр – 594,4 миң сом;
  • акча каражатын жана материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу – 178,1 миң сом;
  • кызматтык сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр – 33,2 миң сом;
  • казыналык системасына кириштелбей түз иштетилген каражаттар – 79,0 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуулар (кошуп жазуулар) – 3090,2 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар – 10,8 миң сом;
  • дебитордук карыздарды жашыруулар жана кредитордук карыздарды негизсиз көбөйтүүлөр – 3981,6 миң сом;
  • бюджетке кошумча эсептөөлөр – 155,3 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төлөмдөрүнө кошумча эсептөөлөр – 223,8 миң сом.

Жалпы аныкталган каржы бузуулардан – 7832,2 миң сому ордуна коюлууга тийиш болсо, андан аудиттин жүрүшүндө – 1135,3 миң сом ордуна коюлган. Ал эми ордуна коюлбаган сумма – 6698,9 миң сомду түзөт.

Андан сырткары 165,0 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор – 43,5 миң сом (жайыт жерлеринин кирешесин жоготуу);
  • эмгек акыларды төлөөдөгү чектен чыгуулар – 121,5 миң сом.

Бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануулар 1222,8 миң сом, андан:

  • материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары – 722,8 миң сом;
  • пландалган максатына жетпей чыгымдалган каражаттар  – 450,0 миң сом.

Бюджеттик каржаттарды рационалдуу эмес пайдалануулар толук калыбына келтирилүүгө тийиш болгон болсо, аудит убагында ордуна коюлган жок.

Бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү жол берилген катачылыктардын эсебинен 967,0 миң сомдук баланска алынбай калган негизги каражаттар, материалдык баалуулуктар аныкталып, аудиттин жүрүшүндө тийиштүү жергиликтүү бюджеттердин балансына кириштелип, калыбына келтирилди. Аудитттин жыйынтыгы менен Баткен шаар мэриясында аныкталган 2098,2 миң сом кошуп жазуулар, Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү 450,0 мин сомдук бюджеттик жоготуулар жана 100,0 миң сомдук дебитордук карыздар, Самаркандек айыл өкмөтундөгү 362,2 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.

Бүгүн, 2023-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 2021-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары боюнча отчету каралды.

Аудиттин жүрүшүндө бардыгы болуп 1 млрд. 778 млн. 355,6 миң сомдук каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен:

-1 282,3 миӊ сом суммасына товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери аныкталган.

-1 760 667,2 миӊ сом суммасына каражаттарды чыгымдоодо бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Анын ичинде:

- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 917297,9 миӊ сом;

- товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруулар – 8880,8 миӊ сом;

- иш сапар чыгымдары беренеси боюнча ашыкча төлөмдөр – 635,2 миӊ сом;

- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүн негизсиз ашыкча жогорулатуулар – 12 891,3 миӊ сом.

- мамлекеттик каражаттардын максатсыз пайдалануулар – 441,3 миӊ сом;

- “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасында максатсыз пайдаланылган каражаттар – 3264,9 миң сом;

- жашырылган дебитордук карыздар жана ашырылган кредитордук карыздар – 12 232,4 миӊ сом;

- бюджеттин башка бөлүгүнө республикалык бюджеттен 805 000,0 миң сом негизсиз бөлүнгөн.

- бюджетке кошумча чегерилген кирешелер – 15 989,2  миӊ сомду түзгөн

- социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 440,3 миӊ сом.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 5 034 251,1 миӊ сом. Анын ичинде:

- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 2 456,2 миӊ сом;

- бюджеттик уюмдарды ашыкча каржылоолор – 128 224,1 миӊ сом;

- эмгек акы төлөөдө бузуулар – 281 613,6 миӊ сом;

- бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 4 621 957,2 миӊ сом;

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 1 171 181,1 миӊ сом, анын ичинде:

- пландалган максатына жетпестен, белгилүү бир иш-чараларга чыгымдалган каражаттар – 188 102,6 миң сом;

- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору жана эсептердеги каражаттардын калдыктары – 983 000,0 миӊ сом.

- Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы бузуулар 78,5 миң. сомду түздү.

Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар - 42 454,8 миң сом.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым каржылык мыйзам бузууларды камтыган материалдар, юридикалык баа берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.

Отурумдун жыйынтыгында, тиешелүү токтом кабыл алынып, текшерилип жаткан объектилерге мындан аркы ишмердүүлүгүндө, аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн Эсептөө палатасынын сунуштары жана сунуштамалары жөнөтүлдү.

Бүгүн, 2023-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында 2022-жыл аралыгына карата  Чүй облусунун Панфилов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин материалдары каралды.

Панфилов районунун жергиликтүү бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 7 млн 905,2 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде: 

  • жетпей калуулар жана уурдоолор – 222,8 миң сом;
  • каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 7 272,7 миң сом, анын ичинде:

•    эмгек акыны негизсиз төлөөлөр -1 728,1 миң сом;

•    курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 5 376,8 миң сом;

•   эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 167,8 миң сом;

  • бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 407,7 миң сом, алардын ичинен;

•   бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 405,7 миң сом;

  • Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 2,0 миң сом.
  • Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -14 420,3 миң сом, анын ичинде:

• товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары -102,1 миң сом;

• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 4 599,2 миң сом;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө, анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен, колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 4 435,6 миң сом;

• башка резервдер жана жоготуулар – 5 283,4 миң сом.

  • Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 4 083,4 миң сом, анын ичинде:

• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 4 083,4 миң сом.

Панфилов районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү. Ал эми Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башкы бухгалтери У.Саманчиевге карата, акча каражаттарын ыйгарып алуу боюнча, ошондой эле, "Узундугу 4200 метр ЛР 60; ЛР 40, темир/бетон таянычтары менен жаңы сугат лотокторун орнотуу" объектиси боюнча подрядчы "НЭК Лтд” ЖЧК тарабынан 5 049,3 миң сомго жумуштардын наркынын аныкталган жогорулатылышы боюнча материалдарды укуктук баа берүү үчүн, Чүй облустук прокуратурасына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Отурумдун чечимине ылайык, тиешелүү айылдык кеңештерге карап чыгуу үчүн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жиберилди, андан тышкары Панфилов районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча жиберилген аймактык бөлүнүштүн жазма буйруктарынын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.

 

2023-жылдын 14-июлунда Жогорку Кеңештин  Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын президенти Мариан Банас баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов да катышты. 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасы көп жылдык тарыхка ээ экенин айтып, байыркы мамлекеттик мекемелердин бири экендигин белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын ортосундагы кызматташуу аудит жүргүзүүнүн методологиясын өркүндөтөт», - деп баса белгилеген Данияр Төлөнов мамлекеттик аудит бюджеттик каражаттарды эффективдүү башкарууну камсыздай турганын кошумчалады. 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Жогорку Кеңеш жыл сайын Эсептөө палатасынын отчетун угуп, аудиторлорду бекитээрин эске салды.  Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын ортосундагы кызматташуу мамлекеттик аудит тармагындагы тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрүн билдирди. 

Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын президенти Мариан Банас өз кезегинде бюджеттик каражаттардын чыгымдалышына көзөмөлдөөнү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, анткени бул бюджетти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат - деди. Ал мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди. 

Белгилей кетсек, тараптар мамлекеттик аудит, бюджеттик каражаттарды эффективдүү башкаруу жаатындагы маселелерди талкуулашты.

2023-жылдын 14-июлунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов менен Польша Республикасынын Аудитинин жогорку органынын (АЖО) президенти Мариан Банас башында турган делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Делегациянын курамына АЖОнун президентинин кеңешчилери Войцех Кутыла жана Гжегож Хабер, ошондой эле IDI (Өнүгүү демилгеси) INTOSAI (Жогорку аудит институттарынын эл аралык уюмунун) улук менеджери Йоштейн Телнес кирген.

Польша Республикасынын АЖОсу жана IDI INTOSAI делегациясынын иш сапарынын максаты - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын институционалдык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоордун үстүндө иштөө болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Польша Республикасынын АЖОнун ортосунда кызматташуу келишимине, ошондой эле Жогорку аудит органдарынын жоопкерчилигинин глобалдык демилгесинин алкагында (GSAI) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Польша Республикасынын АЖОсу жана INTOSAI Өнүгүү демилгеси ортосунда, үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул макулдашуулар тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүүнүн методологиясы жана жол-жоболору жаатында тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жаатындагы өз ара аракеттенүү, консультацияларды уюштуруу жана өткөрүү, биргелешкен илимий-изилдөө, аудитордук иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелерди камтыйт.

Жолугушуунун жүрүшүндө аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык методологиялык базаны жакшыртууга, кызматкерлерди окутууга жана санариптештирүүнү колдонуу менен аудит процесстерин колдоого тиешелүү жогоруда аталган келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Польша Республкасынын аудиттин жогорку органынын делегациясына жана IDI INTOSAI өкүлүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен долбоорду ишке ашырууда ийгиликтүү кызматташууга ишенимин билдирди.