Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жыл ичинде Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 7047,4 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 7047,4 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталган, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги 39,3 мин сом;
  • каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 6739,4 миң сом болсо, андан эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 115,6 миң сом;
  • акча каражатын жана материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу 403,1 миң сом,
  • кызматтык сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 90,8 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуулар (кошуп жазуулар) 4444,3 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 337,0 миң сом;
  • дебитордук карыздарды жашыруулар жана кредитордук карыздарды көбөйтүүлөр 1439,4 миң сом;
  • бюджетке кошумча эсептөөлөр 114,6 миң сом жана социалдык фонд взносторуна кошумча эсептөөлөр 127,8 миң сомду түзгөн;

Жалпы аныкталган 7047,4 миң сомдук каржы бузуулар толук ордуна коюлууга тийиш болсо, андан аудиттин жүрүшүндө 1744,3 миң сом ордуна коюлган.  Ал эми ордуна коюлбаган сумма 5303,1 миң сомду түзөт. Андан сырткары 2278,0 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор 59,5 миң сом,эмгек акыларды төлөөдөгү чектен чыгуулар 338,6 миң сом (ашыкча штаттык бирдик), жана башка резервдер 1879,8 миң сом, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор 1373,6 миң сом (электр энергиясы жана КР СФ үчүн туум 1338,8 миң сом, күйүүчү майларды ченемден ашыкча сарптоо 39,8 миң сом) жана башка резервдер 565,7 миң сом (ижара акыны пландан жашыруу). Бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануулар 85,4 миң сом, андан пландалган максатына жетпей чыгымдалган каражаттар 85,4 миң сом. Бюджеттик каржаттарды рационалдуу эмес пайдалануулар толук калыбына келтирилүүгө тийиш.

Бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү жол берилген катачылыктардын эсебинен 2263,9 миң сомдук баланска алынбай калган негизги каражаттар, материалдык баалуулуктар аныкталды, анын ичинен: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө 43,0 миң сом, Кара-Таш айыл өкмөтүндө 508,8 миң сом, Төөлөс айыл өкмөтүндө 1136,6 миң сом, “Ноокат Жылуулук” МИ 575,5 миң сом. Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү 85,4 миң сомдук рационалдуу эмес пайдаланылган каржаттар, Кулатов айыл өкмөтүндө аныкталган 1226,1 миң сомдук курулуш иштерие кошуп жазуулар, Ынтымак айыл өкмөтүндө аныкталган 319,0 миң сомдук негизсиз чыгымдарга укуктук баа берүү үчүн, материалдар Ош областтык прокуратурасына жиберилди.

Бүгүн, 12-апрелде Эсептөө палатасынын кызматкерлери медиа сабаттуулук, пресс-релиздерди жазуу боюнча окутууга катышты

Медиаэксперт Авланбек Джумабаев медиа тармактын кескин түрдө өзгөрүшү менен көпчүлүк мамлекеттик органдарында бул жааттагы сабаттуулук маселеси бүгүн курч турууда экенин айтып, мурун коомдук пикирди жаратууда жалпыга маалымдоо каражаттары монополист болуп келсе, интернет күчөгөндөн тартып социалдык тармактар маанилүү ролду ойной баштаганын айтты. Ошондой эле алар, журналисттер үчүн маалымат алуучу жана маалымат таратуучу аянт болуп калганын. Мындай өзгөрүүлөр ар кандай маалымат бурмалоо, жалган маалымат таратуу, кастык тил жайылтуу, дагы көптөгөн маселелерди жараткандыгын баса белгиледи.

Ал эми медиаэксперт Ирина Больбот Эсептөө палатасынын кызматкерлерине маалыматты даярдоо, пресс-релиздерди жазуу боюнча айтып берди. Окутуунун жүрүшүндө кызматкерлердин суроолоруна жооп беришип, азыркы тапта маалымат мейкиндигинде, анын ичинде социалдык тармактардагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатуу мезгилдин талабы экенин медиаэксперттер кошумачалай кетишти.

Окутуунун аягында Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов окутуучуларга ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.

3-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктук макамын, ишинин негиздерин жана принциптерин аныктайт. Муну менен катар аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана башка мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен Эсептөө палатасынын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары конкреттештирилет. 

Жыйында мыйзам долбооруна карата депутаттар Улугбек Ормонов, Айбек Алтынбеков, Эльвира Сурабалдиева жана Надира Нарматова тиешелүү сунуштарды киргизишти.

Депутат Камила Талиева Конституциянын 108-беренесинин аткарылышына өзгөчө көңүл буруп, Баткен облусун өнүктүрүү фондуна аудит жүргүзүү зарылчылыгына да токтолсо, депутат Айсаракан Абдибаева көз карандысыз аудиторлордун ыйгарым укуктары боюнча маселени көтөрдү.

Талкуулоонун жүрүшүндө депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда Эсептөө палатасынын функционалдык, уюштуруучулук жана финансылык көз карандысыздыгы боюнча жоболор каралган. Талкуунун жыйынтыгында комитет депутаттардын сунуштарын жактырды.

Эсептөө палатасынын кызматкерлери 2023-жылдын 29-мартында КМШга мүчө мамлекеттердин Жогорку мамлекеттик аудит (финансылык көзөмөл) органдарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында уюштурулган "Жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде кантип отчет жазуу керек" аталышындагы тажрыйба алмашуу онлайн семинарга катышты

Семинарда Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Тышкы коммуникациялар департаментинин башкы кеңешчиси Ангелина Горбунова баяндама жасап, ал аудиториянын медиа керектөөсүнө болгон мамилени кантип өзгөртүү керектигин жана контролдук, эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын жыйынтыктарын кыска жана жеткиликтүү берүүнүн жолдорун айтып берди. Семинарда тексттерди даярдоо, маалыматты структуралаштыруу, материалдын стилин тандоо, визуалдык маалыматтардын дизайн өзгөчөлүктөрү боюнча сабактар болду.

2023-жылдын 14-16-мартында Таиланддын Бангкок шаарында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Жогорку аудит органдары менен коррупцияга каршы күрөшүү институттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө» темасында семинар болуп өттү. Семинарга Кыргызстандын атынан Эсептөө палатасынын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча концепциялар жана механизмдер, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жогорку аудит органдары менен коррупцияга каршы органдардын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Мындай иш-чаралар коррупцияга каршы күрөштө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ. Коррупцияга каршы күрөш көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда маанилүү приоритет болуп саналат жана мындай иш-чаралар мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылууга ошондой эле элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет.

2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адистери Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн «Infodocs» жаңыланган электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу боюнча тренинг өткөрүштү. Тренингдин алкагында кызматкерлерге системанын иш жүзүндө кандай иштээри, анын инновациялары көрсөтүлдү. «Инфокомдун» адистери КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин бардык суроолоруна жооп беришти.

Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасы мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнү автоматташтыруу, ошондой эле документтерди электрондук форматка өткөрүү үчүн арналган маалыматтык платформа. Бул системаны колдонуу каттарды жана башка кагаз иштерин жөнөтүү жана жеткирүү убактысын кыскартууга, ошондой эле аткаруучулук тартипти жакшыртууга жардам берет. Бул өз кезегинде документтер менен иштөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. 

Кымбаттуу кыргызстандыктар!


Сиздерди Жаңы жылдын башталышын жана жаздын келишин даңазалаган кереметтүү жана жарык күн – Нооруз майрамы менен куттуктайм. Үмүт, оптимизм жана сүйүү сезимин кучагына толтурган бул майрам көркүн чачсын.
Бул жаз майрамы үйүңүзгө, жалпы коомубузга кубаныч, бакыт, тынчтык жана бакубатчылык алып келсин. Ушул жылдын биринчи күнүнөн баштап сиздердин жашооңуздарга бактылуу көз ирмемдерди түбөлүккө бекемдей турган сонун сүйүнүчтөрдү каалайм.
Нооруз кут болсун! Быйылкы жыл ачык түскө, кубанычтуу окуяларга, жакшы жетишкендиктерге толсун.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы

А. Акматов

Бүгүн, 18-мартта Эсептөө палатасынын жамааты кезектеги ишембиликке чыкты.
М.Горький атындагы сквердин аймагын иретке келтирип, майрамдарга даярдап, шаардык мэриянын кызматтарына жардам берүү максатында кызматкерлер дайыма ишембиликтерди өткөрүп турушат. Ведомстволук имаратка жанаша жайгашкан ирригациялык тармактарды тазалоого өзгөчө көңүл бурулду. Ишембиликтин жүрүшүндө тротуарлар шыпырылып, газондордон таштандылар чогултулду.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Нарын облусунун Ат-Башы районунун 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетин даярдоосуна  жана аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6130,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, анын ичинен 4119,3 миң сом компенсацияланууга тийиш, 2050,6 миң сому гана кайтарылган. Алардан:

  • 77,4 миң сом жетишсиздик жана уурдоо фактылары.
  • 6052,9 миң сомго каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер, анын ичинде: - 2041,9 миң сомго негизсиз эмгек акы төлөө; - материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарды негизсиз чыгыштоо менен бирге подотчеттук сумма 1641,1 миң сом;

Мындан тышкары, бюджеттин 29157,9 миң сомго резервдери жана жоготуулары аныкталып, 28094,8 миң сом орду толтурулган.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 1489,9 миң сомду түзүп, 117,8 миң сом орду толтурулган, анын ичинен:

  • 879,8 миң сомду максаттуу керсөткүчтөргө колдонбостон, айрым иш-чараларга жумшалган,
  • 492,3 миң сомго товардык-материалдык каражаттардын ашыкча запастары,
  • 117,8 миң сомго мамлекеттик сатып алуулардагы бузуулар (117,8 миң сом орду толтурулган).

15-мартта Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн «Программалык бюджеттештирүү» окуу программасы болуп өттү.

Семинардын программасында «Программалык бюджеттин концепциясы» презентациясы камтылган. Артыкчылыктары. Программалык бюджетти түзүү үчүн мыйзамдык база. Уюштуруу аспектилери. ПНБнин түзүлүшүнүн негизги этаптары. Андан тышкары семинардын катышуучулары ПНБни түзүүнү, кароону жана ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, ПНБни түзүүнүн негизги талаптарын жана ресурстук базаны талкуулашты.

Ошондой эле катышуучулар «Бюджеттик программанын паспорту. Бюджеттик программалардын аткарылышынын көрсөткүчтөрү». Бюджеттик программаларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы. Бюджеттик программалардын аткарылышын көзөмөлдөө. Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндөгү отчеттордун мазмуну. Отчеттук формалар.  ПНБнин ишке ашыруу сыяктуу иштеги маанилүү аспектилерге да токтолушту.

Семинардын жыйынтыгында топтук сессияларга бөлүнүп, программалык бюджеттерди карап чыгууда жана эффективдүү индикаторлорго жетишүү боюнча отчеттуулукта эмнелерди эске алуу керектигин карап чыгышты.  

Окутуу ЮНИСЕФтин «Комплекстүү улуттук каржылоо механизмдери» программасынын колдоосу менен уюштурулду. Тренер ЮНИСЕФтин программалык бюджеттөө жана мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча консультанты Н.Байзакова болду                             

6-10-мартта Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү Норвегиянын Осло шаарында өткөн “АЖОнун отчеттуулук боюнча глобалдык демилгеси (GSAI)” программасынын башталгыч жыйынына катышты.

 

IDI INTOSSAI (INTOSAI Өнүктүрүү демилгеси) ишке ашырып жаткан GSAI программасы Жогорку аудит органдарынын жетекчилиги астында өнөктөш демөөрчүлөрдү жана камсыздоочуларды  тартуу менен потенциалды жогорулатуу долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн механизмдерин түзүүгө  багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Польшанын  АЖОнун жана IDI ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду, анда төмөнкүлөр каралган:

  •  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын потенциалын чыңдоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү, өнөктөштөр менен ишти координациялоо механизмдерин аныктоо, ошондой эле бул долбоорду каржылоону камсыздоо;
  •  долбоорду ишке ашырууда кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерин даярдоо;
  •  2023-жылдын экинчи кварталынын аягына чейин өнөктөштөр менен күтүлүп жаткан натыйжалар, ресурстар, жоопкерчиликтер жана долбоорду башкарууну камтыган  кызматташуу келишимине кол коюу.

 

Маалымат үчүн:

INTOSAI – Жогорку аудит органдарына өз ара колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн автономдуу, көз карандысыз, кесипкөй жана саясий эмес Жогорку аудит органдарынын эл аралык уюму.

 

INTOSAI өнүктүрүү демилгеси (IDI INTOSAI) коммерциялык эмес автономдуу аткаруучу уюм жана INTOSAI коомчулугунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. IDI өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жогорку аудит органдарына (АЖО) алардын натыйжалуулугун жана потенциалын туруктуу жогорулатуу үчүн колдоо көрсөтүү ыйгарым укуктарга ээ

.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Юстиция министрлигинде 2021-жылга бюджеттин аткарылышына шайкеш аудит жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 9540,8 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды, анын ичинен: 175,5 миң сому өндүрүлүүгө жатат, калыбына келтирилген сумма 77,2 миң сомду түздү.

 

Анын ичинен: 9394,8 миң сом өлчөмүндө эмгек акыга негизсиз кошумча төлөөлөр белгиленген, материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу 36,8 миң сомду, иш сапарга кеткен чыгымдарды негизсиз алуу – 2,7 миң сомду, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 29, 3 миң сомду түзгөн. Ошондой эле 73,4 миң сом суммасында жашырылган дебитордук карыздын бети ачылган. Бюджетке кошумча чегерилген киреше 3,8 миң сом болду.

Резервдер жана бюджеттик жоготуулар 94,6 миң сомду түздү.

 

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 229,6 миң сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын 11 мамлекеттеги: Беларусь Республикасындагы, Сауд Арабия Падышачылыгындагы, Катар Мамлекетиндеги, Италия Республикасындагы, Туркия Республикасындагы, Кувейт Мамлекетиндеги, Түркмөнстандагы, Венгриядагы, Кыргыз Республикасынын Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиликтеринде жана Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы Визалык пунктунда бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн

 

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинде 2021-2022-жылдарга текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 623,64  АКШ доллары өлчөмүндө сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган.

 

Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы 2018-2021-жылдар аралыгындагы визалык кеңсесинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 4947,63 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат максатсыз пайдаланылганы белгилүү болгон.

 

Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинде 2021-2022-жылдарга бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 1244,96 АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылык мыйзам бузуулар табылган.

 

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана уюмдарында текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар катталган жок.

«Кыргызнефтегаз» ААКтын 2021-жылдын 12-апрелинен 31-январына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча 3 736,6 миң сом суммасында финансылык бузуулар белгиленген, анын ичинде:

- чегерүүлөргө жатпай турган чыгашаларды негизсиз чегерүүдөн улам акционерлердин дивиденддерин 3618,8 миң сом өлчөмүндө төмөндөтүп коюу аныкталган.

 

-канализациялык линияны реконструкциялоодо келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн подрядчыга 117,8 миң сом айып өндүрүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө калыбына келтирилген.

Эсеп палатасынын Кеңеши аудиттин жыйынтыгы боюнча дивиденддердин аз эсептелген суммасын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө буйрук чыгарды.

Кымбаттуу айымдар!
Жаздын, сүйүүнүн жана сулуулуктун майрамы болгон 8-март Аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алып коюңуздар.


Жарыкты, жылуулукту сиңирген бул жаз майрамында ар дайым адамзаттын эң жакшы жарымы болгон аялзатына таазим этип келебиз. Сиздер үй-бүлө очогун сактап, балдарды тарбиялап, профессионалдык жана коомдук иштерде ийгиликтерге жетип, ошол эле учурда ар дайым жаш жана сулуусуздар.


Бардык аялдарга жылмаюу, жарык майрамдык маанай, үй-бүлөлүк бакыт, аманчылык, ден соолук каалайбыз! Майрамыңыздар менен!

 

Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасынын
Төрагасы 
Алмазбек Акматов

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди улуттук баш кийим – Ак калпак күнү менен куттуктайбыз.


Ак калпак күнү улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук каада-салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен бекитилген.


Баш кийимдин формасы чокуларын ак каар, көк муз баскан тоолорубуздун бийиктигин, элибиздин жан дүйнөсүнүн тазалыгын билдирет. Ак калпак улуттук баш кийимибизди эр-азаматтарыбыз ар дайым сыймыктануу менен кийишсин. Салттуу кийимдерибиз тарыхый жана маданий баалуулуктарыбызды дүйнөгө таанытууга салым кошо берсин.


Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасынын Төрагасы                 
Алмазбек Акматов. 

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайм!
Кыргызстандын желеги - мамлекеттүүлүктүн, эгемендүүлүктүн, өлкөнүн демократиялык түзүлүшүнүн жана элдин биримдигинин символу. Бул ар бирибиздин Мекенге болгон патриоттук сезимибизди чагылдырган символ. Ал биздин ата-бабаларыбыз басып өткөн татаал жолун, күжүрмөн эмгегин жана алардын улуу кыялдарын даңазалайт.

Сиздерге бакубатчылык, ден соолук жана бакыт каалайбыз! Өлкөбүздүн бейпил асманынын астында элди ынтымакка, биримдикке, жаратмандыкка чакырган Кыргызстандын мамлекеттик туусу ар дайым бийик желбиреп турсун!

 

Урматым менен,
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасынын
Төрагасы Алмазбек Акматов. 

Адисттердин кесипкөйлүк деңгээли Эсептөө палатасынын негизги ишмердүүлүгүнүн сапатына таасир этээрин эске алып, мекемеде кадрлардын даярдыгына өзгөчө маани берилет. Андыктан Эсептөө палатасында кызматкерлерди агартуу иштерине тартуу жигердүү  жүргүзүлүп келет. Борбордук аппаратта иштегендер окутууларга өздөрү катышып турушат, ал эми аймактык структураларда иштеген кызматкерлерди борбордук аппаратка алып келип окутуу чоң каражатты талап кылат. Андыктан, окутуу ар кандай форматта өткөрүлүп келет. Каражатты үнөмдөө үчүн агартуу иштеринин онлайн форматта жүргүзүлүшү мекеме үчүн салтка айланды.      


Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругуна ылайык, ошондой эле этикалык ченемдерди жана Эсептөө палатасынын ички эмгек жана иштөө тартибинин эрежелерин сактоо максатында, анын борбордук аппаратындагы жана аймактык бөлүмдөрүндөгү кызматкерлерине техникалык окутуу өткөрүлдү. Мында аудит жүргүзүп жаткан кызматкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратпоо, ошондой эле иш сапарынын чыгымдарын үнөмдөө максатында бул окутуу онлайн/оффлайн режиминде уюштурулду.


Бекитилген программага ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексинин жана Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексинин негизги ченемдери, принциптери жана эрежелери боюнча бет ачаар жасалды. Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика маселеси боюнча комиссиясынын иши жөнүндө баяндама жасалды. Ошондой эле, мекеменин ички эмгек жана иш тартибинин эрежелерине жооптуу мамиле жасоо керектиги жөнүндө да сөз козголду.


“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча жана Эсептөө палатасында кызыкчылыктардын кагылышуусуна каршы (башкаруунун) чараларды көрүү жөнүндө баяндама болду.
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын жана мамлекеттик органдардагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча өз ара кызматташуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жаза кодексинин жалпы түшүнүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.А. Алиев атындагы академиясынын Жазык укугу кафедрасынын башчысы Р.Т. Исмаилов лекция окуду. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын беренелери боюнча айтып берди.

Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшү жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн жана аткарылышынын, 2021-жылга республикалык бюджетте турган Ысык-Ата районундагы муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана башка мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкеш аудит жүргүздү.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 6518,3 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды, анын ичинде:

- жетишсиздик жана уурдоо - 6,6 миң сом.

- каражаттарды сарптоодогу мыйзам бузуулар жана кемчиликтер - 6368,9 миң сом, анын ичинен: эмгек акынын негизсиз төлөнүшү - 1470,2 миң сом;

- курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо - 2419,0 миң сом;

- эсептен жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз - 2401,2 миң сом;

- башка деңгээлдеги бюджеттерде турган уюмдарга жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттар - 78,5 миң сом.

- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелер - 142,8 миң сом, анын ичинен:

- бюджетке чегерүү үчүн ижара акысы – 142,8 миң сом.

 

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 11134,2 миң сомго аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Чолпон-Ата шаарынын 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун сакталышы боюнча шайкештик аудит жүргүздү.

Жүргүзүлгөн аудиттин  жыйынтыгы менен 6558,7 миң сом суммасындагы финансылык бузуулардын табылган:

        - эмгек акыларын негизсиз төлөөлөр 517,8 миң сом;

        - материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарды негизсиз чыгыштоо менен бирге подотчеттук сумма 431,8 миң сом;

        - курулуш-монтаж иштерин көтөрмөлөө 336,1 миң сом;

       - жаап жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар 5273,0 миң сом.

 

Аныкталган финансылык мыйзам бузуулардын ичинен 6040,9 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, текшерүүнүн жүрүшүндө 5685,9 миң сом калыбына келтирилген.

 

Мындан тышкары ревизияда 1934,9 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталды, анын ичинде: эмгек акы телееде 1934,9 миң сомдук бузуулар. Каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу 175,0 миң сомду түздү, анын ичинен: айрым иш-чараларга белгиленген максаттарга жетпестен 175,0 миң сомго каражаттар жумшалган.

 

Белгилей кетсек,  подрядчы «КСК» ЖЧКсы тарабынан  «Чолпон-Ата шаарына  Ж. Абрахмановдун эстелигин жасоо» объектиси боюнча  аудит учурунда аткарылган иштердин актысы берилбегендигине байланыштуу кошумча аудит жүргүзүлөт.