Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы

Аты-жөнү

Кабыл алуу күнү

Кабыл алуу убактысы

Эскертүү

1

Акматов Алмазбек Шаршембиевич

Шейшемби

15.00-17.00

32-34-30

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору

 

Аты-жөнү

Кабыл алуу күнү

Кабыл алуу убактысы

Эскертүү

1

Арзыбаев Мукаш Кадырович

Күн сайын

10.00-17.00

32-33-52

2

Байгазаков Алимжан Топчубаевич

Күн сайын

10.00-17.00

32-53-74

3

Батиров Пардаали Сулейманович

Күн сайын

10.00-17.00

32-33-52

4

Жумагулов Уран Аскарбекович

Күн сайын

10.00-17.00

32-34-79

5

Раматилаев Азамат Абдыкадырович

Күн сайын

10.00-17.00

32-33-46

6

Рыскулиев Бадахшан Акматович

Күн сайын

10.00-17.00

32-36-03

7

Садовников Вадим Александрович

Күн сайын

10.00-17.00

32-34-79

8

Нурматов Жузупбек Шоконович

Күн сайын

10.00-17.00

32-33-51

 

Эскертүү: жеке кабыл алууга алдын ала жазылуу телефон аркылуу жүргүзүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси

Аты-жөнү

Кабыл алуу күнү

Кабыл алуу убактысы

Эскертүү

1

Элебесов Болот Дердешович

Күн сайын

10.00-17.00

32-38-86

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшүнүн жетекчиси

Аты-жөнү

Кабыл алуу күнү

Кабыл алуу убактысы

Эскертүү

1

Кожомуратов Азим Кубанычбекович

Шаршемби

14.00-16.00

0322270510

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси

 

Аты-жөнү

Кабыл алуу күнү

Кабыл алуу убактысы

Эскертүү

2

Нармамбетов Улан Жаныбекович

 Шаршемби

10.00-17.00

3944 3-25-73

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси

 

Аты-жөнү

Кабыл алуу күнү

Кабыл алуу убактысы

Эскертүү

3

Туркбаев Адамбек Борубаевич

Шаршемби

15.00-17.00

66-42-99

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жарандардын кайрылууларына ыкчам көңүл буруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, келип түшкөн кайрылуулардын мааниси боюнча жарандарды күн сайын кабыл алат.

1.  Ушул Эреже өзүнүн компетенциясынын чегинде  чечүү үчүн, жана адамдын жана жарандын укугун, эркиндигин коргоону натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, жарандардын кабыл алуу тартибин регламенттейт.  

2. Жарандарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору, борбордук аппараттын аппарат жетекчиси жана аймактык бөлүнүштөрдүн  жетекчилери тарабынан, “Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Эсептөө палатасынын ички ведомстволук актыларына ылайык, бекитилген график менен жумасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт  (мындан ары – Эсептөө палатасы).   

3. Жарандарды кабыл алуу графиги Эсептөө палатасынын расмий веб-сайтына жарыяланат жана кабыл алуу күнүн жана убактысын, кабыл алууну  жүргүзүүчү адамды көрсөтүү менен,  Эсептөө палатасынын жана аймактык бөлүнүштөрдүн кире беришине илинет.  

4. Эсептөө палатасынын төрагасынын дарегине кайрылган   жарандарды кабыл алууну уюштуруу, Эсептөө палатасынын төрагасынын жардамчысы  же референти менен өз ара аракеттенишүүсү менен камсыздалат.

5. Аудиторлордун жана Эсептөө палатасынын  аппаратынын жетекчисинин дарегине кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштурууну, тиешелүү референттер менен өз ара аракеттенишүүсүн коомдук кабылдама камсыз кылат.   

6. Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн дарегине кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштуруу, Эсептөө палатасынын тиешелүү аймактык бөлүнүшүнүн жооптуу кызматкери камсыз кылат.   

7. Эсептөө палатасынын борбордук аппаратында жана аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды жеке кабыл алууну эсепке алуу, Эсептөө палатасынын коомдук кабылдамасы жана 1-тиркемеге ылайык форма  менен жарандарды жеке кабыл алуу карточкасы боюнча Эсептөө палатасынын тиешелүү аймактык бөлүнүштөрүнүн  жооптуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.   

8. Телефон жана факсималдык байланыш боюнча жарандарды кабыл алуу боюнча жазуу жүргүзүлбөйт. 

9. Жарандарды кабыл алуу боюнча жазуу, жарандарды жеке кабыл алуу карточкасын толтургандан кийин, жарандарды кабыл алуу графиги менен белгиленген кабыл алуу күнүнө чейин  беш  күн ичинде Эсептөө палатасынын коомдук кабылдамасы жана Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жооптуу кызматкерлери  аркылуу  жүргүзүлөт.

10. Эгерде оозеки кайрылууда айтылган маселе, жеке кабыл алуу учурунда чечилбесе, кайрылуу жаран тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жазылат жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте катталууга жана каралууга тийиш.  

11. Жаранды жеке кабыл алууда, анын инсандыгын тастыктаган документ көрсөтүлүшү керек. 

12. Республиканын алыскы региондорунан келген жарандар, кезексиз кабыл алынууга укуктуу. 

13. Эсептөө палатасына коррупциялык көрүнүштөр боюнча кайрылган жарандарды кабыл алууну, Эсептөө палатасынын төрагасы жана аппарат жетекчиси тастыктоочу маалыматтык далилдин (фото, видео/аудио жазуу, документтер ж.б.у.с.) болушу менен, күн сайын жумушчу күнү  жүзөгө ашырат.

14. Жарандардын жаңы далилдер жана кайрадан ачылган жагдайлар көрсөтүлбөгөн кайрадан кайрылуусу, каралбайт жана кабыл алууга жазылбайт.

15. Кайрадан ачылган жагдайларды көрсөтүү менен, жаңы далилдер менен жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.

Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтырууну  камсыз кылуучу электрондук почта сервисине, кош келиңиздер,  ал жерден Сиз, электрондук кайрылууңузду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын дарегине жөнөтө аласыз.

Электрондук кайрылууну жөнөтүү алдында, Сиз төмөндөгү нускама менен таанышууну сунуш кылабыз.

Электрондук кайрылуу боюнча нускама

         Эсептөө палатасынын дарегине электрондук кайрылууңузду жөнөтөөр алдында,  төмөндөгү маалыматтар менен кунт коюу менен таанышыңыз.

Электрондук кайрылууну жөнөтөөр алдында форманы туура толтуруу керек. 

Кайрылуунун авторуна жооп, электрондук документ формасында жөнөтүлөт, эгерде анда аты-жөнү жана электрондук дареги  (e-mail) көрсөтүлсө.

Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болушу керек. Зарыл болгон учурда ага, жарандын далилдерин тастыктаган документтер тиркелет.  

Кайрылуу архивделбеген бир файл түрүндө электрондук формада салынган документтерди жана материалдарды камтышы мүмкүн.  Салынган файлдын көлөмү 5 Мб.дан ашырлбашы керек.

Салуу үчүн, төмөндөгүдөй форматтагы файлдар   мүмкүнчүлүккө ээ: txt, doc, rtf, xls, pps, ppt, pdf, jpg, bmp, png, tif, pcx, mp3, wma, avi, mp4, mkv, wmv, mov, flv.  Башка форматтар иштелип чыкпайт   (Форматтарды макулдашуу керек). 

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кайрылуулар кароого жатпайт, эгерде:  

  1. анда  уят-сыйытсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөр болсо;
  2. жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлө турган толук эмес же туура эмес почталык дарек көрсөтүлсө;
  3. кайрылуу конкреттүү арызды, даттанууну, сунуштарды камтыбаса; 
  4. кайрылууда  учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылса;
  5. текст латинцаны колдонуу менен жазылса же бүтүндөй баш тамгалар менен терилсе, сүйлөмдөргө ажыратылбаса.
  1. Электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылуулардын авторлорунун жеке маалыматтары жөнүндө маалымат, жеке маалыматтар жөнүндө мыйзам талаптарын сактоо менен, сакталат жана иштелип чыгат. 

Кайрылган адамдын аты-жөнү: *

Введите ваше имя

Электрондук дареги (e-mail): *

Введите правильный e-mail адрес

Жашаган дареги: *

Введите адрес места жительства

Кайрылуу тексти: *

Заполните обращение

Файлды тиркөө:
Файлды тандоо
Защита веб-сайта от интернет-ботов
Пожалуйста, пройдите верификацию ReCaptcha
 

* - милдеттүү түрдө толтурула турган жер