Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Урматтуу сайттын окурмандары!

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сайтына, кош келиңиздер!

Сиздер биздин сайттан Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгү жана өнүгүүсү, финансылык контролдоону жүзөгө ашыруу принциптерин декларациялаган укуктук-ченемдик актыларды жана эл аралык документтерди, эл аралык кызматташуу жана келечектеги өнүгүү пландары жөнүндө маалыматтарды таба аласыздар.

Эсептөө палатасынын иши “Аудитордук иш” бөлүмүндө берилет, ал жерден Сиздер, республикалык бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы, биздин ишибиз жөнүндө  жыл сайынкы отчётторду, ошондой эле мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды таба аласыздар.

Биз менен байланышып, кызыктырган суроолоруңуздарды берүү жана Эсептөө палатасынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштар жана эскертүүлөр менен комментарийлерди, “Коомчулук менен байланыш” бөлүмүнө калтырсаңыздар болот. Сиздердин бардык кайрылууңуздар өз учурунда каралат жана эске алынат.

Бүгүнкү күнү Эсептөө палатасынын эмгек жамааты аудиттердин сапаттарын жакшыртуу, иш процессин оптималдоо жана өркүндөтүү боюнча иштерди улантып жатат. Эсептөө палатасы тарабынан отчеттук 2020 – жылы 2016-2020-жылдарга карата Эсептөө палатасынын Стратегиялык планында көрсөтүлгөн тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды ийгиликтүү аяктагандыгын белгилей кетүү маанилүү. Ушуга байланыштуу, Стратегиялык планды ишке ашыруунун, мамлекеттик аудит тутумун өркүндөтүүнүн, аудиттин эл аралык стандарттарын жайылтуунун жана тышкы коммуникацияны чыңдоонун оң таасирин эске алып, Эсептөө палатасы тарабынан 2021-2025-жылдарга карата Өнүгүү Стратегиясын бекитүү жана ишке ашырууну баштоо чечими кабыл алынды, анда мамлекеттик каржыны башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга жана Эсептөө палатасынын ишин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган максаттар жана милдеттер аныкталган.

Өз ишибизде коррупцияга каршы күрөшүү жана аны профилактикалоо боюнча иш-чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз. Биздин “Ишеним телефон” сайтта жана социалдык тармактарда жайгаштырылган.

Эсептөө палатасынын алдына коюлган милдеттерди аткаруу, аудиттерди  жогорку деңгээлде жүргүзүү, аудитордук иш чөйрөсүндө алдыңкы ыкмаларды жайылтуу, республикада бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана ачык-айкын чыгымдоонун тутумун түзүү үчүн шарттарды түзөт деп, ишенем.

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы                                                    Алмазбек Шаршембиевич Акматов

Материал находится в разработке

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмблемасында (логотобинде) канаты  жайылган ак шумкар, анын артында кызгылт сары фонддун жогору жагында көөкөр түшүрүлгөн тыйындын сүрөтү тартылган. Эмблеманын төмөн жагында мамлекеттик тилде “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы” деген жазуу  тасмада жазылган.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин борбордук элементине окшош шумкардын сүрөтү, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн түз баш ийген мамлекеттик түзүмдөргө  таандык экендигин баса белгилейт.

Ак шумкардын жайылган канаттары,  региондун акыйкаттуу белгиси болуп эсептелген жана жүгүртүүдөгү “көөкөр” менен таанылган тыйындын сүрөтүн берүү менен, мамлекеттик бюджетти коргоону жана сактоону билдирет.  Логотип күндү элестеткен айлананын фонунда  жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгиси менен айкалышкан түстүү гаммада   жайгаштырылган.

Гералдикалык  тасмада  жайгаштырылган “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы” деген жазуу, кескин айырмаланган фонддо  жакшы окулушу үчүн, даана шарифтер менен жазылган.

Логотип кыска берилген. Логотиптин универсалдуулугу  аны толук түстүү, ошондой эле монохром варианттарында колдонуу мүмкүнчүлүгү, шаар чөйрөсүндө объекттерди тариздөө үчүн, ошондой эле ар кандай нерселердин беттерине түшүрүүнү,   ишкер, азем жана башка документтерди иштеп чыгууда анын элементтерин активдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет. 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы (мындан ары – Эсептөө палатасы) 1996-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Контролдоо палатасы жөнүндө” мыйзамына ылайык алгачкы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Контролдоо палатасынын мураскери катары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1996-жылдын 19-октябрында кабыл алынган №55 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы” жөнүндө мыйзамдын негизинде түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2000-жылдын 29-июнундагы №164 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоо системасын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” кабыл алынган Жарлыкка ылайык, мындан ары мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоо системасын жакшыртуу жана аны жалпы кабыл алынган дүйнөлүк практикага келтирүү, финансы дисциплинасын бекемдөө жана экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле контролдоо иш чараларын кайталоодон качуу максатында, мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоонун иш милдеттерин Эсептөө палатасына жүктөө жана МФЭКтин штаттык санын ага берүү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык контролдоонун мамлекеттик инспекциясы жоюлган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына – бирдиктүү көз карандысыз жогорку органга, мамлекеттик финансы контролдоонун иш милдеттерин жана ыйгарым укуктарын концентрациялоо процесси аяктаган.

Андан ары Эсептөө палатасын куруу процесси өлкөнүн мамлекеттик финансы-экономикалык саясатындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, оптималдуу түзүмдү издөө багытында улантылган. Эсептөө палатасы өз ишмердүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн баштап, мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча контролдоо ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталган, мыйзам менен белгиленген башкы иш милдеттерди ишке ашырууга негизги басым жасаган. Мына ушул учурдан баштап, Эсептөө палатасынын статусу Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөрү жана Мыйзам чыгаруу жыйындары тарабынан түзүлгөн, алардын алдында белгиленген отчеттуулукка ээ, туруктуу иштеп жаткан мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоонун көз карандысыз жогорку органы катары бекемделди. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 19-октябрындагы №55 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамына ылайык, Эсептөө палатасы Төрагадан жана он эки аудитордон турат, ошондой эле Эсептөө палатасы башкаруу аппаратына ээ. Эсептөө палатасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөрү жана Мыйзам чыгаруу жыйындары, алардын ар бири төрттөн аудиторду шайлашкан. Эсептөө палатасынын Төрагасы кызматына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Парламенттин макулдугу менен, беш жылдык мөөнөткө дайындалган.

Эсептөө палатасы иштөө процессинде, контролдоо иш чараларынын саны жана сапаты, ошондой эле текшерүүлөрдү камтыган объектилердин бөлүгү катары ишмердүүлүк масштабын кеңейткен. Муну менен катар, мамлекеттик бюджет, мамлекеттик бюджеттен сырткары фонддордун пайдаланылышына, мамлекеттик менчикти пайдалануу жана башкарууга карата контролду уюштуруу жана өткөрүү боюнча практикалык жактан тажрыйба топтолууда. Ушул мезгил ичи чет өлкөлөрдүн финансылык жогорку органдары, ошондой эле эл аралык тиешелүү уюмдар менен, Эсептөө палатасынын байланышын мындан ары өнүктүрүү жолго салынды, бул болсо Эсептөө палатасына эл аралык бирикмелер алкагында бир жана көп тараптуу кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктү бир кыйла кеңейтет.

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы №117 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык, Эсептөө палатасы жетектөөчү курамына Эсептөө палатасынын төрагасы жана он төрт аудитор кирген мамлекеттик аудиттин көз карандысыз жогорку органы болуп калды. Эсептөө палатасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын жарымын Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаса, аудиторлордун жарым курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-октябрындагы №213 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу, аудиторлордун саны үчкө чейин кыскарган. Эсептөө палатасынын 70 пайыздан көп эмес өкүлдөрүн эске алуу менен, бүтүндөй аудитордук курамы жана ошондой эле Эсептөө палатасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалган жана бошотулган. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына жана 2023-жылдын 18-февралындагы N 2 “Эсептөө палатасы жөнүндө” Мыйзамдарынын редакцияларына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Эсептөө палатасы тогуз аудитордон турат. Ал эми 2023-жылдын 31-майында № 114 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынды.

    Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын тышкы мамлекеттик аудитинин көз карандысыз жогорку органы болуп саналат.

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.