Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын “Ишеним телефону”  (0555 500 985) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен өз ара аракеттенишүүдө, жарандар менен уюмдар туш болгон коррупция фактылары жөнүндө маалыматты алуу үчүн иштейт.   

“Ишеним телефону” аркылуу аңгемелешүү, чалган адамдын каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде жүрөт, мында, “Ишеним телефонунун” ишинин сапатын жогорулатуу максатында, бардык сүйлөшүүлөр жазылат.   

Коррупция фактысы жөнүндө маалымдаган жаран, өзүнүн аты-жөнүн  (уюмдар үчүн уюштуруу укуктук формасы жана аталышы), ага жооп жөнөтүлө турган почталык дарегин айтат.

Ошондой эле, жаран анонимдүү укугунда коррупция фактылары жөнүндө маалыматты билдире алат. Анонимдүү билдирүүлөр маалымат үчүн, тиешелүү журналга жазылат жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасындагы коррупцияны профилактикалоо ишинде, ошондой эле аналитикалык жана статистикалык максатта колдонулушу мүмкүн. Анономдүү билдирүүлөрдүн купуялуулугу кепилденет.

“Ишеним телефону” боюнча консультация жана маалымдоо маалыматы берилбейт. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан изилдөөнү жана баалоону талап кылган, билдирүүдө жазылган жарандардын суроолору, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жазуу жүзүндө же электрондук формада анын дарегине жөнөтүлүшү мүмкүн.    

 “Ишеним телефонунун” иштөө графиги дүйшөмбүдөн жумага чейин: 9-00дөн  18-00гө чейин, тыныгуу 12 – 30дан  13 – 30га чейин, дем алуу күндөрү: ишемби, жекшемби.