Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик бош кызмат орду – пресс-катчы (Г-Б) - 1 бирдик.

 

Башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат ордуна  тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси

 

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

 

2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

3. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын Кеңешинин 2016-жылдын 19-августунда №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси;

 

 

Квалификациялык талаптар:

 

1.      Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

2.      Кесиптик билим деңгээли

 - журналистика чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими.

 

3. мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы,  тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү тиешелүү тармактык багытта 5 жылдан кем эмес иш стажы. 

 

4. Кесиптик компетенциялары.

 

Билүү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”;   “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”,  “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”

- чет тилдерди билүү (жакшы болмок).

Билгичтиги: 

-  маалыматтарды топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди, пресс-релиздерди даярдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

-  ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына адаптациялануу;

- пресс-конференцияларды, брифингдерди, интервьюларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жетекчиликтин жолугушууларын уюштуруу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү жагдайларды өз учурунда аныктоо жана чечүү;

- веб-сайт менен иштөө, аны дайыма жакшыртып туруу жана дайыма маалымат менен камсыздоо;

- эл алдында чыгып сүйлөө. 

 

  Ыкмалары:

- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-  ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.

- Компьютерде иштей билүү жана керектүү программалык продуктыларды  (Word, Excel, Power Point, 1C-предприятие, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалымат-укуктук тутуму) билиши.

 

Кызматтык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын корголушун жана сакталышынкамсыз кылуу;
  • Эсептөө палатасынын кызматкеринин этикалык кодексин сактоо;
  • Эсептөө палатасында белгиленген ички күн тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат жана кызматтык өз ара аракеттенишүү менен иштөө тартибин сактоо;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл квалификация деңгээлин кармоо;

 

- ченемдик укуктук жана башка тескөөчү актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- кайрылууларды кароо жана жарандарга, уюмдарга өз ыйгарым укуктарынын чегинде консультация берүү;

- иши жөнүндө отчетторду, актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды өз компетенциясынын чегинде түзүү;

- жогору турган кызмат адамдарынын берилген тапшырмаларын өз ыйгарым укуктарынын чегинде  өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында КР Эсептөө палатасынын ишин чагылдыруу;

- расмий пресс-релиздерди, арыздарды, билдирүүлөрдү даярдоо;

- электрондук жана жалпыга маалымдоо басма каражаттарына макалаларды, аналитикалык материалдарды, маектешүүлөрдү, жетекчиликтин кайрылууларын даярдоо;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен натыйжалуу өз ара аракеттенишүү;

- Коомдо Эсептөө палатасынын кадыр-баркын колдоо жана көтөрүү;

- пресс-конференцияларды, брифингдерди, жетекчиликтин  катышуусу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү;

- расмий сайтка  жайгаштыруу үчүн материалдарды чогултуу жана даярдоону  жүзөгө ашыруу;

- мезгилдүү басылмаларга жазылууну жүргүзүү.

 

 

Конкурска катышууга төмөнкү документтер талап кылынат:

1)      Жеке арыз (үлгүсү esep.kg сайтына жайгаштырылган);

2)      Кадрларды  эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 4,5х6сүрөт менен;

3)      Өмүр баян (үлгүсү esep.kg сайтына жайгаштырылган);

4)      4,5х6 сүрөт менен таржымал;

5)      Паспортун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде  көрсөтүлөт);

6)      Эмгек китепченин көчүрмөсү, жогорку билими тууралуу диплом, билимин жогорулатуу сертификаты  нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттар.

 

Конкурска  катышууну каалаган жарандар,  Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131, № 208 же 210 кабинет дареги боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу  веб сайтка  жана гезитке жарыяланган  күндөн тартып,   он жумушчу күнүнүн ичинде көктөмөгө (файлга) тиркелген документтерди беришет.

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга, ачык конкурска катышууга уруксат  берилбейт.