Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 

Бүгүн, 2019-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  пленардык отурумда,  2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчетту канааттандырарлык деп тааныды. 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы   Улукбек Марипов баяндама жасап жатып, өткөн жылдагы аудитордук иштин негизги жыйынтыктары, мамлекеттик аудиттин тутумун жакшыртуу боюнча иш-чаралар, коррупцияга каршы саясат жөнүндө айтып өттү.

 

Төрага, 2018-жылга карата Эсептөө палатасы тарабынан 204 аудитордук иш-чаралар жүргүзүлгөн, алардын алкагында аудит объекттеринин 2 425  түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иши камтылгандыгын,   белгилеп кетти.

 

2018-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө, жалпы  2 млрд. 321,9 млн сом суммасындагы каржы бузуулары аныкталган. Аныкталган каржы бузууларынын ичинен, 1 млрд. 621,5  млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш, анын ичинен, 1 млрд. 405,2 млн сом калыбына келтирилген.  

 

2018-жылы аныкталган мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары 13 млрд. 236,6 млн. сомду түзгөн. Аныкталган жалпы суммадан  1 млрд. 791,5 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш.  Отчеттук жыл ичинде 991,9 млн. сом калыбына келтирилген.   

 

Отчеттук жылы ошондой эле, 800,3 млн сомго каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын жалпы суммасынан 80,8 млн. сом калыбына келтирилүүгө тиийш болсо, анын ичинен, 59,9 млн. сом калыбына келтирилген.   

 

Мамлекеттик органдардагы жана уюмдардагы каржы бузуулар менен катар, ошондой эле коомдук жана башка уюмдарда 199,8 млн.сомго каржы бузуулары аныкталган. Аныкталган каржы бузукуларынын жалпы суммасынан 67,7 млн.сом калыбына келтирилүүгө тиийш, анын ичинен, 19,3 млн. сом калыбына келтирилген.   

 

2018-жылга Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчеттун толук тексти менен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын   www.esep.kg расмий сайтынын “Аудитордук иш”/”Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет бөлүгүнөн таанышса болот.