Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн 20 - сентябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аудитору Садыркулова Айжан Медетовна Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймактарына жооптуу, мамлекетти башкаруу боюнча глобалдык тажрыйба алкагында, маселелерди чечүү жана инновациялык сатып алууларга жооптуу менеджер В.С. Кришнакумар башында турган миссиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча сатып алууларды жүргүзүүчү топтун жетекчиси, сатып алуулар боюнча башкы адис Ахмед Мерзук катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорлордун негизинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү реформалар боюнча маселелерди, сатып алууларды жүргүзүүдө алдамчылык жана коррупция тобокелчилигин азайтуу жана контракттарды башкаруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуунун мындан ары да жемиштүү уланаарына ишеним артышты.