Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан “Ишкердикти өнүктүрүү Фонду” микрокредиттик компаниясы Ачык акционердик коомунун ишине 2017-жылга пландык аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин материалдарында белгиленгендей,  кирешелерди камсыз кылуу боюнча  бекитилген план жалпысынан 31,1 млн. сомго аткарылган, же 2017-жылдын пландык көрсөткүчтөрү 0,8 млн. сомго ашыгы менен аткарылган. 2017-жылга факты жүзүндө чыгымдар 26,7 млн. сомду түзгөн.

Фонддун 2017-жылга карата ишинин  жыйынтыгы боюнча  таза киреше 3,8 млн. сомду түзгөн жана ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун протоколунун негизинде бөлүштүрүлгөн: дивиденддерге - 25%, ал эми калган бөлүгү Фонддун финансылык көрсөткүчтөрүн  жакшыртуу жана өтүмдүүлүктү жогорулатуу максатында Фонддун капиталын толуктоого жумшалган.

Аудиттин жыйынтыгында “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы Ачык акционердик коомунун ишинде аныкталган кемчиликтерди жоюу, ошондой эле компаниянын бюджеттик киреше бөлүгүн аткаруу иштерин күчөтүү боюнча сунуштар берилди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын  Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жана “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы Ачык акционердик коомуна жөнөтүлдү.