Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Банкттарды жоюу боюнча агенттигинин 2017-жылга карата ишине аудит жүргүзгөн.

Аудиттин материалдарында көрсөтүлгөндөй, 2017-жылга планда кирешенин келип түшүүсү 9,4 млн. сом деп каралган болсо, факт жүзүндө келип түшүүлөр 4,9 млн. сомду түзгөн же киреше боюнча план 52,3%га аткарылган.

2017-жылга чыгымдардын көлөмү 4,5 млн. сомду түзгөн, план боюнча - 8,6 млн. сом. 2017-жылга Агенттик тарабынан 0,4 млн. сом киреше алынган. 1,7 млн. сомго эсептен чыгарылган негизги каражаттар, анын ичинен материалдык эмес активдер - программалык камсыз кылуу, товардык – материалдык баалуулуктар кампада тургандыгын, аудит белгилейт. Эсептен чыгарылган мүлктү мындан ары эксплуатациялоо же аларды белгиленген тартипте сатуу боюнча Агенттик тарабынан чечим кабыл алуусу зарыл.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан  КР Финансы министрлиги менен өз ара эсептешүүнүн салыштыруу актысына  кол коюу боюнча ишти аяктоо бөлүгүндө, чараларды көрүү, ошондой эле, иште жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилди.