Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

(мындан ары - конкурс), тиешелүү белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык, администартивдик мамлекеттик бош кызмат ордуна- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн мамлекеттик инспектору (Г-Б).

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясына арызды жана керектүү документтерди берүү мөөнөтү конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде.  

Конкурсту өткөрүүнүн мөөнөтү: документтерди кабыл алууну аяктоо күнүнөн 25 жумушчу күндүн ичинде.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

Административдик  мамлекеттик кызмат орундарына

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

 

 Баардык административдик мамлекеттик кызмат орундарына жалпы квалификациялык  талаптар:

1.      Билими:

-        Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-        Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

-        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын” “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы  № 01-3/96 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Регламенти;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы  №01-08/60. токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикалык кодекси.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

3. Кызматтык милдеттемелерин аткаруу үчүн, зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

4. Компьютерде иштей билүү жана керектүү программалык продуктыларды  (Word, Excel, Power Point, 1C-предприятие, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалымат-укуктук тутуму) билиши.

 

 

Кыргыз Республикасынын Аймактык бөлүнүштөрү

Мамлекеттик инспектор

Кесиптик билим деңгээли:

- мамлекеттик аудит, экономика, финансы жана укук жаатында жогорку кесиптик билими;

- эл аралык үлгүдөгү бухгалтердин жана аудитордун сертификаттарынын болушу. 

Иш стажы:

- мамлекеттик аудит, экономика, финансы жана укук жаатындагы кесиптик иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.

 

Кесиптик компетенциялары:

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;   

 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” (тиешелүү жылга), “Ички аудит жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

- Чет тилдерди билүү (жакшы болмок).

 

Билгичтиги:

- актуалдуу көйгөйлөрдү контролдоо, мониторинг, талдоо, болжолдоо, жалпылоо жүргүзүү ;

- чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана кабыл алынган чечимге жооп берүү;

- кызыкчылыктардын чыр-чатагына алып келген, көйгөйлүү жагдайларды өз учурунда аныктоо жана чечүү.

- өз ишин натыйжалуу пландоо;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- командада иштөө.

 

Ыкмалары:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-  маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо;

- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- чыр-чатактуу жагдайларды жөнгө салуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иш этикетинин ыкмаларына ээ болуу;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде кызматтык документтерди жана иш боюнча кат жазышууларды даярдоо.