Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

29-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды.  

2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы олуттуу кемчиликтерди белгилеген, атап айтканда:  

  • Депозит боюнча келип түшүүлөр, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар жана кирешелүү башка келип түшүүлөр, насыялык тилке боюнча кайтарылуучу каражаттар, техникалык жардам болуп эсептелген 1,3 млрд. сом киреше бөлүккө киргизилген эмес;
  • Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары турган каражаттардын жылдын аягындагы  2,2 млрд. сом калдыгы кирешелерге чегерилген эмес;
  • Финансылык институттар алдындагы милдеттенмелерди аткарбагандыктан  
  •  Министрликтер менен ведомстволордогу 79,1 млн. сом товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык калдыктары жана  дебитордук карыздары  эсепке алынган эмес;
  • Дем берүүчү гранттарды каржылоо көлөмү, белгиленген квотага каршы 111,3 млн. сомго ашырылган;
  • Мамлекеттик карызды ишенимдүү жана так эсепке алуу камсыздалбагандыктан, мамлекеттик карыздын өлчөмү  636,8 млн.сомго азайтылган;
  • Мурда башталган ички инвестициялык долбоорлорду аягына чыгарууда биринчи кезекте бюджеттик инвестицияларды багыттоо бөлүгүндөгү бюджеттик багыттоого каршы,  3,9 млрд. сомго 134 жаңы объект киргизилген;
  • Бюджеттик кодекс менен каралган  4 бюджетти камтыган (республикалык бюджет, Социалдык фонд, ММКФ бюджети жана жергиликтүү бюджеттер), республиканын бюджеттик тутумундагы түзүм ишке киргизилген эмес. ММКФ бюджетин өз алдынча түзүү жана аткаруу камсыздалган эмес. Соцфонддун бюджетинин ресурстарын администрлөө, Казыналыктын тутумунан сырткары улантылууда. 

2018-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна карата Эсептөө палатасынын корутундусунда, мыйзам долбоорунда 2,0 млн. АКШ долларындагы (140,1 млн. сом) финансылык жардам эске алынбагандыгын белгиленген, аны 2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча  Эсептөө палатасынын сунушу боюнча  ресурстук бөлүккө киргизүү керек эле. 

Мыйзам долбоорунда Социалдык фонд алдындагы 85,3 млн.сомду түзгөн  карызды төлөө каралган эмес.

Мыйзам долбоорунда 209 долбоор боюнча  өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктары боюнча  каражаттардын үнөмдөлүшүнө байланыштуу, чыгымдарды 145, 0 млн. сомго азайтуу болжолдонууда. Ошол эле учурда, 203,1 млн. сомго кезектеги ишке ашырылбаган 79  долбоор бар.

Гранттарды эсепке алуу менен, мамлекеттик инвестициялардын бюджети   15,5 млрд. сомго азайтылууда. Азайтуунун негизги себеби болуп, долбоорлорду ишке ашыруу прогрессинин төмөндүгү эсептелет.

Ошону менен бирге, баалуу кагаздарды чыгаруудан келип түшүүлөрдү 3,5 млрд. сомго көбөйтүү болжолдонууда, ал 2019-жылы кошумча чыгымдарга алып келет.   

2019-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна карата Эсептөө палатасынын корутундусунда, 2019-жылдын бюджетинин ресурстук бөлүгүндө, 1,1 млрд.сом гранттык каражаттар эсепке алынбагандыгы белгиленген.

  • Бюджеттик насыяларды, ссудаларды жана зайымдарды кайтаруудан келип түшкөн кирешелер, кайтаруу графигине караганда 2,4 млрд.сомго, ал эми Кумтөрдүн дүң кирешесине салык  136,1 млн. сомго аз суммада каралууда.

Ошондой эле,   2,8 млрд.сомго 5 мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча  эсептөөлөр жок.

Ипотекалык насыялоо боюнча 1,4 млрд. сом суммасындагы   керектөөлөрдүн негизделген эсептөөлөрү болуп туруп, болгону 500,0 млн.сом болжолдонууда.

Мыйзам долбоорунда “Коргоо”, “Коомдук тартип жана коопсуздук” бөлүмдөрү боюнча чыгымдар чыгымдар сметасы, жашыруун грифи менен түзүлгөн. 

579,1 млн. сом кирешеси менен, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин мекемелери казыналыктын тутумунан сырткары иш жүргүзүшөт.   

Мыйзам долбоорунда  3,0 млрд сомго “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылоо үчүн,  объекттердин тизмеси жок.

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоодо, эмгек мигранттарынын акча которууларынын эсебинен акча каражаттары жана  накталай акча каражаттарынын көлөмүнүн   көбөйүшү эсепке алынган эмес, бул болсо, салык жана салык эмес кирешелердин  24,9 – 19,1 млрд.сомго түшүп калышына алып келген.