Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 2018-жылдын 29-ноябрында Москва шаарында Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджетти аткарууну контролдоо боюнча эсептөө комитетинин, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Эсептөө палаталарынын коллегиясынын (Кеңештин, ыйгарым укуктуу адамдардын) биргелешкен отуруму  болуп өттү.

Иш-чарага Евразиялык экономикалык биримдиктин Финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилери – Армениянын Аудитордук палатасынын төрагасы Левон Еолян, Беларусиянын Мамлекеттик контролдоо комитетинин төрагасы Леонид Анфимов, Казакстандын  Республикалык бюджетти аткарууну контролдоо боюнча эсептөө комитетинин мүчөсү Нурлан Нуржанов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алексей Кудрин  катышты.

Кыргыз тараптан ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Айжан Садыркулова, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Нукеш Кожобергенов, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилинин өкүлү  Рустам Маметов катышты.

Отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тыштан алынып келингендерге бажы алымдарынын (эквиваленттик таасирге ээ жыйымдар жана салыктар, жана башка алымдар) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн бюджеттеринин кирешесине чегерүү тартиби жөнүндө протоколдун сакталышына жүргүзүлгөн биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыгы каралды. 2017-жылга ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн бюджеттерине келип түшкөн тыштан келтирилген бажы алымдарынын жалпы суммасы 11,6 млрд. АКШ долларын түзгөн (2016-жылы – 9,8 млрд. АКШ доллары), 2016-жылга салыштырмалуу, түшкөн каражаттардын 1,8 млрд. АКШ  долларга  өскөнү байкалган.  

2017-жылга Кыргызстандын бюджетине мүчө өлкөлөрдөн келип түшкөн, тыштан алынып келингендерге бажы алымдарынын суммасы 15,0 млрд сомго жакын каражатты, же 217,5 млн. АКШ долларын түзгөн. 2017-жылга Кыргыз Республикасы менен мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара эсептешүү калдыгы 2,8 млрд сомду түзгөн.

Биргелешкен отурумдун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан, өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосунда тыштан алынып келингендерге бажы алымдарын бөлүштүрүү тартиби сакталгандыгы  белгиленди.

Отурумдун аягында ФКЖО жетекчилери тарабынан, Биргелешкен текшерүү жыйынтыгы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды, ал ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн парламентине ж өкмөтүнө, ошондой эле Евразия  экономикалык комиссияга жөнөтүлөт.

Ошондой эле, Улукбек Марипов “Мир” өлкөлөр арасында телерадиокомпаниясынын журналисттери менен жолугуп, иш-чаранын жыйынтыгы, ошондой эле биргелешкен текшерүүгө тиешелүү актуалдуу маселелер боюнча айтып берди.