Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 19-октябрда,  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгын арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Төрага Улукбек Марипов эмгек жамааттын кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Биздин жүргүзүп жаткан ишибиз мамлекеттин алдына койгон көптөгөн финансылык жана социалдык маселелердин чечилишине жардам берет. Биз үчүн, биздин ишибиздин жыйынтыгын сандар, аудиттин жыйынтыктары, бузууларда табылган суммалар айтып турат. Эсептөө палатасы өзүнө жүктөлгөн ролун жана милдеттерин аткарат жана актайт. Жасаган ишибиздин натыйжалуу болуусуна Эсептөө палатасынын ар бир кызматкеринин эмгеги бар.

Эсептөө палатасы мындан ары да өзүнүн принциптерине бекем турат жана мыйзамды так аткарат. Өлкөдө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланышы үчүн, биз көптөгөн иштерди жасашыбыз керек. Мен чын жүрөктөн ишенем, күжүрмөн эмгектин, туруктуулуктун жана жамааттын чынчылдыгынын аркасында биз, 2016-2020-жылдарга Эсептөө палатасын Стратегиялык планында коюлган максаттарга жетебиз” төрага баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Эсептөө палатасынын башчысы баардык кызматкерлерге ден соолук, карьералык өсүш жана үй-бүлөлүк бакубаттуулук каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишинде өзгөчөлөнгөн жана жакшы натыйжа көрсөткөн кызматкерлерге сыйлыктарды жана Ардак грамоталарды тапшыруу аземи болуп өттү. Ушуну менен бирге, Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнө карата уюштурулган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө да сыйлыктар тапшырылды. Мелдештер Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн  кызматкерлеринин ортосунда спорттун бир канча түрлөрү боюнча өткөн.