Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

9-октябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Кыргыз Республикасы: электрондук мамлекеттик тендерлерге жүргүзүлгөн  аудиттин жаңы (типтүү) методологиясын иштеп чыгуу жана пилоттук жайылтуу. Методологияны пилоттук жайылтуу” техникалык кызматташтык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга КР Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Осмонов Нурпаис баштаган өкүлдөр жана ЕРӨБдин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Юлия Шаповалова жана “Грант Торнтон” компаниясынын эл аралык эксперти Владислав Мурадян катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик электрондук сатып алууларга жүргүзүлгөн аудиттин методологиясын иштеп чыгуу жана пилоттук жайылтуу боюнча  кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуунун мындан ары да жемиштүү уланаарына ишеним артышты.