Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасы Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланышына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында бюджеттик, атайын жана Сот департаментинин депозиттик каражаттардын пайдаланышына 2016-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлдү.  

Аудиттин жүрүшүндө Жогорку сотто 114,6 миң сомго каражаттар рационалдуу эмес, тактап айтканда товардык - материалдык баалуулуктардын запастары ченемден ашыкча  пайдаланылган. Бул сумма республикалык бюджетке толугу менен кайтарылып берилди. Ошондой эле КР Жогорку сотуна караштуу( Сот адилеттигинин Жогорку мектеби) судьялардын окуу борборунда эмгек акыларды төлөп берүүдө 308,7 миң сомго бузуулар аныкталган. 2016-жылга чыгымдардын сметасын көбөйтүү укуктук статусту жана эмгек акы төлөөнүн шарттарын  өзгөртүүнү караган ченемдик  укуктук актыларга ылайык эмес, жүргүзүлгөңдүгүн аудит белгилейт.  Көрсөтүлгөн мезгилге чыгымдар сметасына эсептөөлөр Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин судьялардын окуу борборунун кайрадан түзүлгөнүн эске алуу менен пландалган. Ошентип, 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ашыкча коюлган каражаттардын эсебинен бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сый акынын жалпы төлөнгөн суммасы 308,7 миң сомду түзгөн.

Конституциялык палатага жүргүзүлгөн аудитте финансы тартиптердин жана курулуш - оңдоо иштеринде келишимдин шарттарын бузуу менен подрядчыга 754,2 миң сом которулгандыгы аныкталган.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинде аудиттин жүрүшүндө 27 180,6 миң сомго белгиленген бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталган.  Алардын ичинен 23 588,5 миң сому киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ашыкча төлөнүп берилгендиги аныкталган жана  аудиттин жүрүшүндө республикалык бюджетке кайтарылган. Сот департаментине аудиттин жүрүшүндө депозиттик суммаларды инвентаризациялоонун натыйжасында республикалык бюджеттин кирешесине 3 369,2 миң сом которулууга тийиш болгону аныкталган. Азыркы учурда Сот департаменти тарабынан  26 0429,4 миң сом калыбына келтирилди. Мындан тышкары каражаттарды рационалдуу эмес пайдаланылгандыгы, тактап айтканда товардык - материалдык баалуулуктардын запасы Сот департаментинин борбордук аппаратында жана облустук башкармалыктарында 8 118,6 миң сомго табылган. Жалпы сумманын ичинен республикалык  бюджеттин кирешесине 2 581,8 миң сом эсептелинди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйрук берилди. Аудиттин материалдары КР Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Президентинин Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жана аудиттин 3 обьектисине жөнөтүлдү. Мындан тышкары юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага 23 588,5 миң сом ашыкча төлөнгөн киреше салыгы жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча маалымат жөнөтүлдү.