Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрларынын ички резервинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын Улуттук резервинде турган, белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ортосунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын социалдык жана курчап турган чөйрөлөрдүн чыгымдарына аудит жүргүзүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (Г-Б) - административдик мамлекеттик бош кызмат ордуна конкурс (мындан ары – конкурс) жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясына арызды жана керектүү документтерди берүү мөөнөтү конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде.  

Конкурс өткөрүү мөөнөтү: документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 20 жумушчу күндүн ичинде.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик кызмат ордуна карата

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
 

Бардык административдик мамлекеттик кызматтарга карата жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы  № 01-3/96 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Регламенти;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы  №01-08/60.токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикалык кодекси.

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.
  2. Кызматтык милдеттемелерин аткаруу үчүн, зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  3. Компьютерде иштей билүү жана керектүү программалык продуктыларды  (Word, Excel, Power Point, 1C-предприятие, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалымат-укуктук тутуму) билиши.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшү

мамлекеттик инспектор (Г-Б)

Кесиптик билиминин деңгээли

- мамлекеттик аудит, экономика, финансы жана укук жаатында жогорку кесиптик билими;

- эл аралык үлгүдөгү бухгалтердин жана аудитордун сертификаттарынын болушу.

Иш стажы

- мамлекеттик аудит, экономика, финансы жана укук жаатындагы кесипти иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенциялары

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;    

-“Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” (тиешелүү жылга), “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Ички аудит жөнүндө”;

- Чет тилдерди билүү (жакшы болмок).

Билгичтиги: 

- актуалдуу көйгөйлөрдү контролдоо, мониторинг, талдоо, болжолдоо, жалпылоо жүргүзүү ;

- чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана кабыл алынган чечимге жооп берүү;

- кызыкчылыктардын чыр-чатагына алып келген, көйгөйлүү жагдайларды өз учурунда аныктоо жана чечүү.

- өз ишин натыйжалуу пландоо;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- командада иштөө.

  Ыкмалары:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-  маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо;

- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-чыр-чатактуу жагдайларды жөнгө салуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иш этикетинин ыкмаларына ээ болуу;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде кызматтык документтерди жана иш боюнча кат жазышууларды даярдоо.