Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 23-сентябрда өлкөбүздө жыл сайын белгиленүүчү Мамлекеттик тил күнүнө карата 20-сентябрь күнү мыкты дубалгезит боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылды.

Мындай иш чаранын максаты Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана даңазалоо. Конкурстук иштердин негизги критерийлери - кыргыз тилинин бай экенин тарых, маданият жана адабият аркылуу чагылдырылып, кыргыз тилине арналган кыскача текст, ырларды, макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү, сүрөттөрдү камтыган.

Конкурска баардыгы болуп аппараттын 9 бөлүмү жана Эсептөө палатасынын 3 аймактык бөлүнүштөрү катышты. Конкурстук иштерди  баалоо Эсептөө палатасынын жетекчилигинин ичинен жана Улуттук тил комиссиясынын өкүлүнөн турган комиссия жүргүздү. Конкурстун жыйынтыгы боюнча биринчи орунга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын  областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнө ыйгарылды, экинчи жана үчүнчү орундарды - Эсептөө палатасынын аппаратынын бөлүмдөр ортосунда жана түзүмдүк бөлүнүштөр ортосунда бөлүштүрүлдү.