Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрларынын ички резервинде турган, белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ортосунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аналитика, методология жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн эксперти (С-А) административдик мамлекеттик бош кызмат ордуна конкурс (мындан ары – конкурс) жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын конкурстук комиссиясына арызды жана керектүү документтерди берүү мөөнөтү конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде.  

Конкурс өткөрүү мөөнөтү: документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 20 жумушчу күндүн ичинде.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик кызмат ордуна карата

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
 

Бардык административдик мамлекеттик кызматтарга карата жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы  № 01-3/96 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Регламенти;

- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы  №01-08/60.токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикалык кодекси.

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.
  2. Кызматтык милдеттемелерин аткаруу үчүн, зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  3. Компьютерде иштей билүү жана керектүү программалык продуктыларды  (Word, Excel, Power Point, 1C-предприятие, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалымат-укуктук тутуму) билиши.

 

Аналитика, методология жана эл аралык байланыш бөлүмү 

 

Эксперт (С-А)

Кесиптик билим деңгээли 

- мамлекеттик аудит жана контролдоо, экономика, финансы жана укук, эл аралык кызматташуу жаатында жогорку кесиптик билим. 

 

Иш стажы

- мамлекеттик аудит жана контролдоо, экономика, финансы жана укук, эл аралык кызматташуу жаатында  3 жылдан кем эмес  иш стажы, же мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы бир   жылдан кем эмес иш стажы.  

 

Кесиптик компетенциялары

Билүү:

- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;  

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №384 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору жөнүндө” Жобо;   

-  эл аралык кызматташуу жаатындагы мыйзам;

- англис тилин мыкты билүү.

Билгичтиги: 

- маалыматты топтоо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;  

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

- өз ишин натыйжалуу пландоо;

-  иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- командада иштөө.

 

Ыкмалары:

- ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иш этикетинин ыкмаларына ээ болуу;

-кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүүнү, эл алдында чыгып сүйлөөлөрдү уюштуруу;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде кызматтык документтерди жана иш боюнча кат жазышууларды даярдоо жана аларды чет тилине которуу.